KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

21 ноября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 21-ноябрында, Кыргыз Республикасынын Судялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын баяндамаларын угуп, корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:



  • Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрагасынын 2025-жылдын 29-январындагы №23 буйругуна ылайык түзүлгөн комиссиянын Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунда соттук иштерди “Сот” автоматташтырылган маалыматтык тутумунда бөлүштүрүү процессине кийлигишүү учурларын текшерүү боюнча ишинин жыйынтыгы боюнча материалдарды кароонун жыйынтыгында Чүй облусунун Кемин райондук сотунун судьясы А.Н.М.га карата эскертүү түрүндө тартиптик жаза колдонулду.

  • Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Н.У. Каимовдун Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Т.Г.Р.ны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарын жана И.С. Сайтбурханованын арызын канааттандыруудан баш тартылды.

  • Бишкек шаарынын прокурору К.Ж. Насиповдун Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун судьясын (учурда Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук сотунун судьясы) Б.Т.И. тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө берген сунушун канааттандыруудан баш тартылды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын ыкчам башкармалыгында жайгашкан Ош шаары, Ашимахунов көчөсү №7 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1500,0 чарчы метр жер тилкесин «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААКына берүүгө макулдук берилди.


Ошондой эле Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды эки календардык жылдан ашпаган мөөнөткө компенсациялоого макулдук берилди.


Ар түрдүү маселелерди кароо учурунда Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар каралып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...