2025-жылдын 6-ноябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп, анын жүрүшүндө күн тартибине киргизилген бир катар маселелер каралып, чечимдер кабыл алынды.
Жыйындын алкагында Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын сотторунун түзүмүн жана судьялардын штаттык санын талдоо жана оптималдаштыруу боюнча Комиссиянын 2025-жылдын 31-октябрындагы корутундусун талкуулады. Талкуунун жыйынтыгы боюнча Судьялар кеңеши тиешелүү сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасына макулдашуу үчүн жөнөтүү чечимин кабыл алды.
«Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Жогорку Соттун судьяларынын штаттык саны, ошондой эле жергиликтүү сотторду түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу, жергиликтүү соттордун судьяларынын санын өзгөртүү Жогорку соттун төрагасы менен макулдашылган, Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталат.
Ошондой эле Судьялар кеңеши Ош облусунун Араван райондук сотунун судьясы Курманова Гуляй Эсеновнанын судьялык кызмат ордунда жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин атына сунуш киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.
