KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялык кызматка талапкерлер үчүн учурдагы тесттик тапшырмаларды инвентаризациялоо жана талдоо боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү

12 сентября 2025

Бүгүн, 2025-жылдын 12-сентябрында, Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөөгө арналган тест тапшырмаларын иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу боюнча жумушчу топтун экинчи жыйыны болуп өттү.


Жумушчу топтун иши Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Жолдошеванын жетекчилиги алдында өтүүдө.


Жыйында катышуучулар учурда колдонулуп жаткан тест тапшырмаларын инвентаризациялоо жана талдоо иштерин улантышты. Алар тапшырмалардын колдонулуп жаткан мыйзамдарга жана актуалдуу сот практикасына шайкештигине өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле тапшырмалардын мазмунунун сапаты, практикалык багытталуусу, логикалык түзүлүшү, татаалдыгынын деңгээли жана судьялык кызматка талапкерлерге коюлган заманбап талаптарга ылайык келүүсү талданды.


Компьютердик тестирлөөнүн актуалдаштырылган суроолору Кыргыз Республикасынын сот системасына талапкерлерди тандоо механизмин өркүндөтүүгө жана кесипкөйлүк стандарттарын жогорулатууга багытталып, бул өз кезегинде сот бийлигинин кесипкөйлүгүн өркүндөтүүгө жана сот бийлигине болгон ишенимди арттырууга өбөлгө түзөт.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...