2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.
Судьялар кеңеши Тартип комиссиянын баяндамаларын угуп, корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:
—А.В.Севухиндин Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы М.А.С.га карата тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тартылды;
— С.А. Кравченко жана Е.В Клименконун Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы К.А.Т.ке карата тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндөгү арызын канааттандыруудан баш тартылды;
— Чүй облустук сотунун 2025-жылдын 27-июлундагы жеке аныктамасы боюнча Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы К.А.А.га карата даттанууну канааттандыруудан баш тартылды;
— Чүй облустук сотунун судьясы Т.М.А. жана Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясы К.А.Ж. тартиптик жазаларын алып салуу жөнүндө арыздары канааттандырылды.
Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна карашту Сот департаментинин директорунун орун басары Аида Осмонбекованын 2025-жылга бюджеттин аткарылышы жөнүндө кыскача отчетун угуп, ошондой эле жергиликтүү сотторду санариптештирүү жана керектүү техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелерин карады. Анын баяндамасында каражаттардын бөлүштүрүлүшү, техникалык камсыздоо жана санариптештирүү программаларын ишке ашыруу чыгымдары кеңири чагылдырылып, каржылоо рационалдуу жана бекитилген пландарга ылайык колдонулганын белгиледи.
Судьялар кеңешинин чечими менен Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К.га карата чыгарылган өкүм мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу анын судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизилди.
Ошондой эле Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайды ижарага алуу боюнча чыгымдарды эки календардык жылдан ашпаган мөөнөткө компенсациялоого макулдук берилди.
