KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын судьяларынын кызмат орундарына талапкерлер менен конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

19 декабря 2025

2025-жылдын 19-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары — Судьялар кеңеши) кезектеги отуруму болуп, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасынын орун басары (мындан ары — Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши) Эльмира Барыктабасова Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо жүргүзүү тартиби жөнүндө Жобого сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу кеңири маалымат берди.


Атап айтканда, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан конкурстук негизде биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резервин (мындан ары — талапкерлердин резерви) түзүү жана конкурстук тандоодон өтүүнүн жаңы жол-жоболорун киргизүү жөнүндө сөз болду. Талкуунун жүрүшүндө Судьялар кеңешинин мүчөлөрү аларды кызыктырган суроолорду беришип, толук жоопторду алышты.


Негизги киргизилип жаткан жаңылыктардын бири болуп судьялардын кызмат орундарына талапкерлердин резерв институтун киргизүү саналат. Бул механизм бош кызмат орундары пайда болгондо судьянын милдеттерин аткарууга мүмкүн болушунча эртерээк киришүүгө даяр квалификациялуу адистердин тизмесин алдын ала түзүүгө мүмкүндүк берет. Киргизилген өзгөртүүлөр судьяларды тандоо жол-жобосунун натыйжалуулугун жана ачык-айкындуулугун жогорулатууга, сот тутумунун туруктуу иштешин камсыз кылууга, ошондой эле анын кадрдык потенциалын чыңдоого багытталган.


Судьялар кеңешинин чечимине ылайык сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүү тартиби жөнүндөгү Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди.


Эскерте кетсек, 5-декабрда «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» конституциялык Мыйзам күчүнө кирген. Ага ылайык, Сот адилеттиги боюнча кеңеши биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резервин конкурстук негизде түзөт.


Буга чейин 2025-жылдын 4-декабрында Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун, Жогорку сотунун жана жергиликтүү соттордун судьяларынын бош кызмат орундарына конкурстук тандоо жарыяланган жана конкурстук тандоо Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоону өткөрүү тартиби жөнүндө Жобо (19.12.2025-жылга карата колдонуудагы редакциясы) боюнча өткөрүлөт.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2026-жылга карата Окуу планы, ошондой эле биринчи жолу дайындалган судьялардын, I–II инстанциядагы соттордун судьяларын жана Кыргыз Республикасынын сотторунун жана сот органдарынын аппараттарынын кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча 2024–2026-жылдарга карата комплекстүү программалары бекитилди.


Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебине биринчи инстанциядагы соттордун судьяларынын кызмат орундарына талапкерлердин резервине кирген талапкерлерди окутуу жөнүндө жаңы жобону иштеп чыгуу (офлайн — онлайн форматында) тапшырма берилди.


«Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-пунктуна ылайык, резервге киргизилген талапкерлер Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинде билим алышат жана Судьялар кеңеши аныктаган тартипте жана мөөнөттөрдө жалпы юрисдикциялык соттордо стажировкадан өтүшөт. Окуу жана стажировка мезгилинде иштеген талапкерлердин негизги жумуш орду сакталат.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...