KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламенти

10 марта 2025

Кыргыз Республикасынын судьяларынын


2025-жылдын 5-мартындагы


XIII кезектеги Курултайында бекитилген


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин


Регламенти


 


 


1-глава. Жалпы жоболор



  1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары — Судьялар кеңеши) иштөө тартибин аныктайт.

  2. Судьялар кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” конституциялык Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын  “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын, сот бийлигинин ишин жөнгө салуучу башка мыйзамдар менен ченемдик укуктук актылардын жана ушул Регламенттин негизинде жүзөгө ашырат.

  3. Судьялар кеңеши, судьялардын Курултайларынын аралыгында иш жүргүзгөн жана сот тутумунун ишин уюштуруу, кадрдык жана ресурстук камсыздоого катышкан, судьялардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүзөөгө ашырган, судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди караган, соттордун бюджетин түзүүдө жана аткарууда көзөмөл жүргүзүүчү, судьяларды окутуу менен квалификацияларын жогорулатууну уюштурууну жүзөгө ашырган, шайланган соттук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.


Судьялар кеңеши судьялардын Курултайына отчет берет.



  1. Судьялар кеңеши жана анын резерви Кыргыз Республикасынын судьяларынын Курултайы (мындан ары — судьялардын Курултайы) тарабынан түзүлөт.


Судья Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке бир убакта шайлана албайт.



  1. Судьялар кеңешинин мүчөсү Судьялар кеңешинин жыйналыштарына жана иш-чараларына катышкан мезгилде эмгек акысын жана башка төлөмдөрүн сактоо менен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.


Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунушунун негизинде Судьялар кеңешинде аткарылуучу иштин көлөмүнө жана татаалдыгына жараша Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн негизги иштеген жери боюнча тиешелүү сотто иш-милдети азайтылат.



  1. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөндөгү учурларда токтотулат:



  • Судьялар кеңешинин мүчөсү мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укугунан баш тартуу жөнүндө арыз бергенде;

  • Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордунан четтетүүдө;

  • Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулганда;

  • Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке шайланганда;

  • Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасы же алардын орун басарлары болуп дайындалганда.



  1. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу Судьялар кеңешинин чечими менен кабыл алынат. Ошол эле убакта, Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин резервинен Судьялар кеңешинин курамына бекитет.


 


2-глава. Судьялар кеңешинин ишинин принциптери жана формалары



  1. Судьялар кеңешинин иши көз карандысыздык, объективдүүлүк, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке кийлигишпөө, айкындуулук, коллегиалдуулук, мыйзамдуулук, калыстык жана ак ниеттүүлүк принциптерине негизделет.



  1. Судьялар кеңешинин отурумдары Судьялар кеңешинин ишинин негизги формасы болуп саналат.



  1. Судьялар кеңеши жабык жыйналыш өткөрүүгө укуктуу.

  2. Зарыл болгон учурда Судьялар кеңешинин жана анын тиешелүү комиссияларынын көчмө жыйналыштары өткөрүлүшү мүмкүн.

  3. Судьялар кеңеши зарыл учурларда, бирок бир жылда төрттөн кем эмес чакырылат.

  4. Судьялар кеңешинин төрагасынын же Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк санынын демилгеси боюнча, кеңешти чакыруу жөнүндө чечим кабыл алат.

  5. Судьялар кеңешинин ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары — Конституциялык сот) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары — Жогорку сот) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары — Сот департаменти) директору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин (мындан ары — Сот адилеттигинин Жогорку мектеби) директору, облустук соттордун жана Бишкек шаардык сотунун төрагалары катыша алышат.

  6. Судьялар кеңешинин төрагасынын чакыруусу боюнча Судьялар кеңешинин ишине башка жактар да катышуусу мүмкүн.

  7. Судьялар кеңешинин иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилинде жүргүзүлөт.


 


3-глава. Судьялар кеңешинин биринчи отуруму.


Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо тартиби



  1. Судьялар кеңешинин жаңы курамынын биринчи отуруму алар шайланган күндөн тартып он күндүн ичинде өткөрүлүүгө тийиш.



  1. Судьялар кеңешинин биринчи отуруму Судьялар кеңешинин жашы боюнча улуу мүчөсүнүн төрагалыгында өткөрүлөт.

  2. Сот департаменти Судьялар кеңешинин жашы улуу мүчөсүн аныктайт, Судьялар кеңешинин биринчи отурумун өткөрүү ордун жана убактысын дайындайт, аны уюштуруу боюнча чараларды кабыл алат.

  3. Судьялар кеңеши биринчи отурумунда ачык добуш берүү менен Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын үч жылдык мөөнөткө шайлайт.

  4. Көпчүлүк добуш алган Судьялар кеңешинин мүчөсү Судьялар кеңешинин төрагасы болуп саналат. Төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бири добуштарды эсептөөнү жүргүзөт.



  1. Добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү жөнүндө протоколго Судьялар кеңешинин жашы улуу мүчөсү кол тамгасын коет.

  2. Ушул эле эрежелер боюнча Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары шайланат.


 


4-глава. Судьялар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктары.


Судьялар кеңешинин жумушчу органдары


 



  1. Судьялар кеңешинин төрагасы:



  • Судьялар кеңешинин Регламентине ылайык Судьялар кеңешин чакырат жана анын ишин жетектейт;

  • Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;

  • Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерге кол тамгасын коет;

  • Судьялар кеңешинин атынан мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты ишке ашырууда чыгат;

  • Судьялар кеңешине түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, аларды Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнө бөлүштүрөт жана аларга Судьялар кеңешинин отурумдарына материалдарды даярдоону тапшырат;

  • туруктуу комиссиялардын ишин координациялайт;

  • Судьялар кеңешинин чечимдерин жүзөгө ашырууга чараларды кабыл алат;

  • Судьялар кеңешинин иши жөнүндө Судьялардын курултайында отчет берет;

  • Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.




  1. Судьялар кеңешинин төрагасы жок учурда, анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары аткарат, ал эми төраганын орун басары жок учурда, Судьялар кеңешинин чечими менен төраганын милдетин убактылуу аткаруу Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.

  2. Судьялар кеңешинин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктары төмөндөгү учурларда токтотулат:



  • шайланган мөөнөт аяктаганда;

  • Судьялар кеңешинин мүчөлүгү токтотулганда;

  • судьялык ыйгарым укуктары токтотулганда;

  • мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарынан баш тартуу тууралуу өз каалоосу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенде.


 



  1. Судьялар кеңешинин жаңы төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жалпы эрежелер боюнча жүзөгө ашырылат.

  2. Судьялар кеңешинин мүчөсү Судьялар кеңешинин төрагасынын же анын орун басарынын кызмат ордуна катары менен экиден ашык мөөнөткө шайлана албайт.

  3. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен, алардын ишинин негизги багыттары боюнча комиссияларды — туруктуу иштеген жумушчу органдарды түзөт.



  1. Комиссиялар Судьялар кеңешине отчет берет.

  2. Судьялар кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары шайлангандан кийин, Судьялар кеңешинин отурумунда комиссиялар түзүлөт.

  3. Судьялар кеңешинин төрагасы комиссиялардын курамына кирбейт.

  4. Комиссиялар Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн каалоолорун эске алуу менен түзүлөт.

  5. Комиссиялардын акыркы курамы Судьялар кеңешинин чечими менен бекитилет.

  6. Бюджеттик комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрү тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланат. Тартип комиссиянын төрагасы орун басары, Окуу-экспертик комиссиянын төрагасы 1 жылдык мөөнөткө шайланат жана кайра шайланышы мүмкүн. Комиссиянын төрагасын шайлоо жол-жобосу тиешелүү комиссиянын жобосу менен аныкталат.


13.Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Судьялар кеңешинин төрагасынын тапшырмасы боюнча ар кандай профилдеги комиссиялардын ишине катыша алышат.


14.Судьялар кеңешинин төрагасы зарыл болгон учурларда комиссиянын ишине Судьялар кеңешинин мүчөсү болбогон судьяларды, жана дагы башка ведомстволордун жетекчилеринин макулдашуусу менен алардын адистерин тартууга укуктуу.



  1. Судьялар кеңеши комиссиялардын курамынын санын аныктайт, аларга иштин багытын жана милдеттерди бөлүштүрөт, ошондой эле комиссия жөнүндө жобону бекитет.

  2. Судьялар кеңеши анын отурумунда каралуучу маселелерди даярдоо үчүн башка ведомстволордун адистерин, Судьялар кеңешинин мүчөлөрү болбогон судьяларды тартуу менен, жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.


 


5-глава. Судьялар кеңеши менен комиссиялар тарабынан маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу тартиби


 



  1. Судьялар кеңешинин жыйналышы Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда же видеоконференцбайланыш аркылуу өткөрүлөт. Судьялар кеңешинин мүчөсү анын жыйналыштарына катышууга милдеттүү. Судьялар кеңешинин отурумуна катышпай коюуга, жүйөлүү себептердин негизинде гана жол берилет.

  2. Талкуулануучу маселелердин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша, ар бир айкын учурда Судьялар кеңеши тарабынан отурумдун узактыгы аныкталат.

  3. Судьялар кеңешинин курамынын кеминде үчтөн экиси жыйналышка катышса укук ченемдүү болуп эсептелет жана чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде отурумда катышкан мүчөлөрдүн жарымынан көбү чечимге добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелинет.

  4. Судьялар кеңешинин отурумуна киргизилген маселелер боюнча документтердин долбоорлору, Судьялар кеңешине ушул Регламентке ылайык берилет.

  5. Төрага, ал жок учурда орун басар Судьялар кеңешинин отурумунда төрагалык кылуучу болуп саналат.

  6. Судьялар кеңешинин отурумундагы төрагалык кылуучу:


ушул Регламентке ылайык отурумдун ишине жетекчилик кылат;



  • баяндама жасоого жана чыгып сүйлөөгө сөз берет;

  • чечимдердин долбоорлору боюнча жазуу түрүндөгү суроо-талаптарды, сунуштарды жана оңдоолорду жарыялайт; Судьялар кеңешинин отурумунун чечимин талап кылуучу маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзөт, анын жыйынтыктарын жарыялайт;

  • Судьялар кеңешинин отурумунун ишин камсыздоо менен байланышкан тапшырмаларды берет;

  • отурумдун протоколун жүргүзүүнү уюштурат;

  • ушул Регламентте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Судьялар кеңешинин отуруму кворум аныктоо менен, күн тартибин бекитүүдөн башталат.

  2. Судьялар кеңешинин мүчөсү күн тартиби боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу.

  3. Күн тартиби Судьялар кеңешинин отурумунда бекитилет.



  1. Күн тартибине киргизилген ар бир маселе боюнча Судьялар кеңешинин мүчөсү чыгып сүйлөөгө укуктуу.

  2. Судьялар кеңеши чечимдерди кеңешме бөлмөсүндө ачык добуш берүү жолу менен кабыл алат. Төрагалык кылуучу добуштарды санап, жыйынтыгын жарыялайт.

  3. Төрагалык кылуучу кеңешме бөлмөсүнөн чыккандан кийин Судьялар кеңешинин чечимин жарыялайт.

  4. Судьялар кеңешинин бардык мүчөлөрү каралган маселе боюнча көз карашына карабастан Судьялар кеңешинин чечимине кол тамгаларын коюшат.

  5. Татаал эмес маселелерди кароодо, чечимдер кеңешме бөлмөсүнө бөлүнбөстөн кабыл алынат.

  6. Кеңештин мүчөлөрүнүн жеке катышуусу мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда, добуш берүү видеоконференцбайланыш аркылуу уюштурулушу мүмкүн. Мындай кырдаалда төрагалык кылуучу учурдагы жана алыстан катышкан мүчөлөрдүн добуштарын эсептейт. Судьялар кеңешинин кабыл алынган чечимине катышкан бардык мүчөлөр кол коюшат, ал эми видеоконференцбайланыш боюнча катышкан мүчөлөрдүн фамилиясынын тушуна тиешелүү белги коюлат.

  7. Судьялар кеңешинин катчылыгынын кызматкерлеринин ичинен Төрагалык кылуучу отурумдун катчысын дайындайт.

  8. Катчы:



  • Судьялар кеңешинин жана комиссиялардын отурумунун протоколун жүргүзөт;

  • отурумдун материалдарын жол-жоболоштурат;

  • төрагалык кылуучунун отурумду уюштуруу жана жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөрүн аткарат.


 



  1. Протоколдо төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:



  • отурумдун датасы, орду;

  • Судьялар кеңешинин отурумга катышкан мүчөлөрү жана башка жактар жөнүндө маалыматтар; эгерде отурум видеоконференцбайланышты колдонуу менен өткөрүлүп жатса, отурумдун протоколунда видеоконференцбайланыш боюнча Судьялар кеңешинин отурумуна катышкан Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн көрсөтүү менен тиешелүү жазуу жазылат;

  • күн тартибинин маселелери жана аларды кароонун жыйынтыктары.



  1. Протоколго Төрагалык кылуучу менен катчы кол тамгаларын коюшат.

  2. Судьялар кеңешинин чечимдери бүткүл сот коомдоштугу үчүн, ошондой эле Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин ыйгарым укугуна кирген маселелер боюнча милдеттүү болуп саналат. Чечимдин көчүрмөлөрү тиешелүү жактарга жана мекемелерге жиберилет.

  3. Судьялар кеңешинин комиссияларынын отуруму тиешелүү Жоболордо аныкталган тартипте өткөрүлөт.

  4. Комиссиянын корутундусун Судьялар кеңешинин отурумуна комиссиянын төрагасы же анын тапшырмасы боюнча комиссиянын башка мүчөсү сунуштайт.


 


6-глава. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрага кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү тартиби


 



  1. Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрага кызмат орду бош болгондо талапкерлерди көрсөтүү үчүн отурумду чакырат.



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун төрага кызмат ордуна талапкерлерди тиешелүү соттун судьяларынын ичинен Судьялар кеңешинин мүчөлөрү сунуштайт.



  1. Судьялар кеңешинин мүчөсү сунушталган талапкерди тааныштырат, анын өздүк ишинин материалдарын, (өмүр баянын, бардык иш убактысы боюнча кызматтык ишмердигин), талапкердин тиешелүү соттун төрагасынын кызматтык милдетин аткаруу боюнча жөндөмдүүлүгүн баалай турган мүнөздөмөлөрүн жарыялайт.

  2. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү тарабынан талапкерлерди сунуштагандан кийин, талапкерлер чыгып сүйлөшөт. Талапкерлер өз алдынча баш тартууга укуктуу.

  3. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрага кызмат ордуна талапкерлер ачык добуш берүү менен көрсөтүлөт.

  4. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү добуш берүүдөн баш тарта албайт.

  5. Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен аз эмес добуш алган талапкер, тиешелүү кызмат ордуна көрсөтүлдү деп эсептелинет.

  6. Төрага кызмат ордуна тандалган талапкерди дайындоо жөнүндө Судьялар кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.


 


7-глава. Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директор кызмат ордуна дайындоого жана бошотууга макулдук берүү тартиби


 



  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директорунун кызмат ордуна талапкерди дайындоо жана бошотуу боюнча макулдук берүү жөнүндө сунушту Судьялар кеңешине киргизет.

  2. Көрсөтүлгөн сунуш талапкерди мүнөздөгөн маалыматтарды камтууга тийиш. Судьялар кеңеши маселени чечүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды суроо-талап кылууга укуктуу.

  3. Судьялар кеңешинин отурумунда талапкерге сүйлөөгө жана Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.



  1. Талапкер сүйлөгөндөн кийин, талкуулоо жүргүзүлөт, андан кийин макулдашуу жөнүндө маселе добушка коюлат.

  2. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү добуш берүүдөн баш тарта албайт.

  3. Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добуш алган талапкер, тиешелүү кызмат ордуна макулдук берилди деп эсептелинет.


 


8-глава.  Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешине


судьяларды шайлоо тартиби



  1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешин (мындан ары — Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш) түзүү үчүн талапкерлер Конституциялык соттун, Жогорку соттун, областтык соттордун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларынын жыйналыштары тарабынан райондук соттордун сунуштарын эске алуу менен ошол соттордун судьяларынын ичинен сунушталат.



  1. Судьялардын жыйналыштарынын чечимдери Судьялар кеңешине жиберилет.

  2. Чечимге талапкердин «Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн тастыктаган документтер тиркелет.

  3. Конституциялык соттун, Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары, ошондой эле Судьялар кеңешинин курамына кирген судьялар Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамына көрсөтүлбөйт.



  1. Судьялар кеңешинин төрагасы Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнө сунушталган материалдарды алдын-ала изилдөөнү тапшырат. Судьялар кеңеши талапкер боюнча кошумча маалыматтарды суроо-талап кылууга укуктуу.



  1. Алдын-ала изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымкат түзүлөт.

  2. Бардык келип түшкөн материалдар Судьялар кеңешинин отурумуна чыгарылат. Талапкерлер боло турган отурум жөнүндө алдын-ала кабарланат.



  1. Талапкер отурумга чейин өзүнүн талапкерлигин алып салууга укуктуу.

  2. Судьялар кеңеши отурумда кезектүү тартипте ар бир талапкер боюнча маалымкатты жана берилген материалдарды карайт, материалдарды алдын-ала текшерүү жүргүзгөн Судьялар кеңешинин мүчөсүнө суроолорду берет жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлүгүнө талапкерди угат.

  3. Бардык талапкерлерге карата материалдарды карап, аяктагандан кийин, Судьялар кеңеши чечим кабыл алуу үчүн кеңешме бөлмөсүнө бөлүнөт



  1. Кеңешме бөлмөсүндө Судьялар кеңеши 8 судьяны Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына шайлап, бул жөнүндө чечим чыгарат. Кеңештин мүчөсүнүн ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтолтулган учурда бош кызмат ордун ээлөө ушул Главанын эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

  2. Судьялар кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилет.


9-глава.  Бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына көзөмөл


жүргүзүү тартиби



  1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку соту, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектеби жана Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот»маалыматтык технология боюнча мекемеси Судьялар кеңешине кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруу мезгилине тиешелүү бюджеттердин долбоорлорун киргизет.

  2. Сот департаменти Судьялар кеңешине жергиликтүү соттордун төрагаларынын жүйөөлүү сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн жергиликтүү соттордун  бюджетинин долбоорун киргизет.

  3. Судьялар кеңеши аталган бюджет долбоорлорун киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары — Министрлер Кабинетине) кезектеги каржылык жыл башталганга чейин 8 айдан кечиктирбестен карап жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген мөөнөттөрдү белгилейт.

  4. Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жана Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот»маалыматтык технология боюнча мекемеси бюджеттеринин долбоорлору Судьялар кеңешинин төрагасынын тапшырмасы боюнча Судьялар кеңешинин комиссиясы тарабынан алдын-ала изилденет.

  5. Комиссия жана/же Судьялар кеңеши өзүнүн отурумуна Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын же алар ыйгарым укук берген адамдарды, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жана Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот»маалыматтык технология боюнча мекемесинин директорлорун алардын адистерин угууга чакырууга укуктуу.

  6. Сунушталган бюджет долбоорлорду кароонун жыйынтыгы боюнча Судьялар кеңеши өзүнүн сунуштарын долбоорлорго киргизүү жана Министрлер Кабинетине макулдашуу үчүн жиберүү жөнүндө чечим кабыл алат.

  7. Судьялар кеңешинин төрагасы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде республикалык бюджеттин долбоорун талкуулаган учурда сот тутумуна тиешелүү бюджет бөлүгүндө түздөн-түз катышат.

  8. Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин жана Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот»маалыматтык технология боюнча мекемесинин директорлору жыл сайын Судьялар кеңешинин алдында бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берет.

  9. Судьялар кеңеши же комиссия сот тутумун өз убагында каржылоого көмөк көрсөтүү максатында тиешелүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды, Конституциялык соттон, Жогорку соттон, Сот департаментинен, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинен жана Сот департаментинин алдындагы «Адилет сот»маалыматтык технология боюнча мекемесинен үч айда бир жолу суратып алууга укуктуу.


 


10-глава. Квалификацияны жогорулатууну уюштуруу тартиби жана окутуу процессинин сапатын контролдоо


 



  1. Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору жылдын аягына чейин эки айдан кечиктирбестен Судьялар кеңешине келээрки жылга жергиликтүү соттордун судьяларын, соттордун аппарат кызматкерлеринин жана Сот департаментинин кадрларын даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу боюнча программаларды киргизет.

  2. Судьяларды, сот тутумунун аппаратынын, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин кызматкерлерин окутуунун жана квалификациясын жогорулатуунун окуу программалары жана башка маселелери комиссия тарабынан алдын ала каралат.

  3. Комиссия берилген окуу программаларын кемчиликтерди жоюу үчүн Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директоруна кайтарып берүүгө укуктуу.



  1. Комиссиянын корутундусу жана окуу программалар Судьялар кеңешине талкуулоого киргизилет.



  1. Судьялар кеңеши берилген окуу программалары боюнча сунуштарды берүүгө, аларды кайра иштеп чыгууга жөнөтүүгө укуктуу.

  2. Судьялар кеңеши окуу программаларын макулдашуу  жөнүндө чечим чыгарат, Кыргыз Республикасынын Жогорку соттун төрагасына бекитүүгө жиберет.

  3. Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору белгилеген мөөнөттө, Судьялар кеңешине өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчет жиберет. Комиссия отчетту алдын-ала изилдейт, зарыл учурда, отчет боюнча кошумча маалыматтарды сурайт, корутундуну жана сунуштарды түзөт.

  4. Отчет жана комиссиянын корутундусу сунуштары менен Судьялар кеңешинин отурумунда талкуулоо үчүн киргизилет, жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.


11-глава. Корутунду жоболор



  1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламенти курултайга катышкан судьялардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.



  1. Судьялар кеңешинин жана анын жумушчу органдарынын уюштуруу, материалдык-техникалык, талдоо жана маалыматтык камсыздоо иштерин Сот департаменти жүргүзөт.



  1. Ушул Регламентке өзгөртүүлөр жана толуктоолор Кыргыз Республикасынын  Судьялар кеңеши тарабынан мыйзамдарда кабыл алынган өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго ылайык келтирүү үчүн киргизилет.


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...