KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Жумушчу топ судьялык кызмат ордуна талапкерлер үчүн конкурстук тандоонун тапшырмаларын актуалдаштырууну улантууда

29 ноября 2025

2025-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлер үчүн конкурстук  тандоонун тапшырмаларын иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу максатында Судьялар кеңешинин чечими менен түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Топтун ишин Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Лунара Жолдошева жетектейт.


Жумушчу топтун катышуучулары Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрагасынын орун басары Эльмира Барыктабасова менен биргеликте тест суроолорду жана жазуу жүзүндөгү практикалык тапшырмаларды жаңыртууга байланыштуу актуалдуу маселелерди талкуулап, жана аларды колдонуудагы мыйзамдарга жана заманбап сот практикасынын талаптарына ылайыкташтырууну карашты.


Конкреттүү юридикалык кырдаалдарды чечүү боюнча жазуу жүзүндөгү тапшырмаларга өзгөчө көңүл бурулду. Бул тапшырмалар юридикалык жагдайларды талдоону, талаштуу маселелерди чечүүнү, процессуалдык документтерди түзүүнү жана тараптардын укуктук позициясын баалоону камтыйт. Мындай тапшырмалар талапкердин билимин, аналитикалык жөндөмүн жана негиздүү соттук чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн текшерет.


Судьялар кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин жаңыланган суроолор жана тапшырмалар конкурстук тандоодо колдонулат, бул тандоо тартибинин кесиптик стандарттардын ачык-айкындыгын жогорулатууга, ошондой эле талапкерлердин мыйзамды билүүсүн жана кесиптик шык-жөндөмүн объективдүү баалоо үчүн суроолор блогун кеңейтүүгө мүмкүчүлүк берет.


 


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...