Бүгүн, 2025-жылдын 5-сентябрында, Кыргыз Республикасынын судьялыгына талапкерлерди тандоо процессинде колдонулуучу компьютердик тестирлөө тапшырмаларын иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу максатында түзүлгөн жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.
Жумушчу топтун негизги максаты — мурда түзүлгөн суроолорду инвентаризациялоо, аларды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү жана тестирлөөнүн сапатын жогорулатуу аркылуу сот системасына татыктуу талапкерлерди тандоону камсыздоо.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова, Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары Лунара Жолдошева, Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин төрагасы Айбек Молдакунов жана анын орун басары Эльмира Барыктабасова, кеңештин мүчөсү Мукамбет Касымалиев, ошондой эле жумушчу топтун башка мүчөлөрү катышты.
Жыйындын жүрүшүндө тест тапшырмаларын түзүү ыкмалары, аларды заманбап соттук практика талаптарына ылайыкташтыруу, жана компьютердик тестирлөөнүн методологиясы боюнча маселелер талкууланды.
Сот адилеттиги боюнча кеңештин төрагасы Айбек Молдакунов: «Талапкерлердин билимин баалоодо адилеттүү, ачык жана объективдүү система түзүү — сот системасына болгон ишенимди арттыруунун негизги шарты. Компьютердик тесттер юридикалык жактан так, актуалдуу жана практикалык мааниге ээ болушу шарт», — деп билдирди.
Эске сала кетсек, бул жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2025-жылдын 15-августундагы чечими менен түзүлгөн. Анын курамына жергиликтүү соттордун судьялары жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин окутуучусу кирген.
Жумушчу топтун жетекчиси — Жолдошева Лунара Чаткалбековна — Судьялар кеңешинин Тартиптик комиссиясынын төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы.