KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Бир катар облустук соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапатына кесиптик баа берилди

05 июня 2026

Бүгүн, 2026-жылдын 5-июнунда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны өткөрүлдү.


Баалоонун жыйынтыгы боюнча Комиссиянын корутундусунун негизинде судьяларга тиешелүү баллдар коюлду.


Комиссия тарабынан жергиликтүү соттордун судьяларынын аткарган иштеринин көлөмү жана сапаттык көрсөткүчтөрү, кесиптик жүктөмүнүн деңгээли, процесстик мөөнөттөрдүн сакталышы, кабыл алынган сот актылары жөнүндө маалыматтар, ошондой эле башка зарыл болгон документтер каралды.


Мындан тышкары, Комиссия тарабынан Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча комиссия жөнүндө жана аны өткөрүүнүн шарттары тууралуу Жобонун талаптарына ылайык берилген маалыматтар жана документтер талкууланды.


Жыйын Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча комиссиясынын төрагасы Тыныбек Бекешовдун төрагалыгы астында Комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн катышуусунда өттү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...