KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын баалоо маселелери боюнча Судьялар кеңешинин жумушчу тобунун биринчи жыйыны болуп өттү

29 сентября 2025

2025-жылдын 26-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2025-жылдын 5-сентябрындагы чечими менен түзүлгөн жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишинин сапатын профессионалдык баалоо системасын иштеп чыгуу жана киргизүү үчүн түзүлгөн.


Жыйын учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун алдындагы Жогорку сот адилеттиги мектебинин окутуучусу Чынара Мусабекова профессионалдык баалоо методикасын сунуштап, жумушчу топтун мүчөлөрү үчүн окутуу семинарын өткөрдү. Окутуу судьялардын статусун жөнгө салган укуктук ченемдерди тереңирээк түшүнүү, критерийлердин системасын түзүү, баллдык баалоо жүргүзүү, процессинин этикалык жактарын, ачыктыкты жана объективдүүлүктү камсыздоо, ошондой эле судьялардын көз карандысыздык принциптерин сактоо боюнча багытталган.


Жумушчу топтун мүчөлөрү баалоо боюнча комиссиянын түзүмүнө жана ыйгарым укуктарына тиешелүү негизги жоболорду, баалоо барактарын киргизүүнү, натыйжаларга даттануу жол-жоболорун жана баалоо механизмин тактоону талкуулашты. Отурумдун жүрүшүндө мындан ары жеткире иштеп чыгуу үчүн багыттар аныкталды: критерийлерди деталдаштыруу, балл шкаласын оңдоо жана баалоонун бирдиктүү формаларын иштеп чыгуу.


Кесиптик баалоо критерийлердин үч негизги тобуна негизделет:



  1. кесиптик компетенттүүлүк;

  2. жеке сапаттар;

  3. социалдык компетенттүүлүк.


Мезгилдүү кесиптик баалоо 4 жылда бир жүргүзүлөт, буга 20 жыл жана андан ашык тажрыйбасы бар судьялар кирбейт. Ошондой эле айрым учурларда — жергиликтүү соттун төрагасынын же төраганын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди кароодо баалоо жүргүзүлүшү мүмкүн.


Баалоо сот чечимдеринин мазмунуна таасир этпейт жана судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн негиз боло албайт. Бирок анын жыйынтыктары судьяларды даярдоодо жана кайра даярдоодо, сынактарды өткөрүүдө, квалификациялык класстарды берүүдө, ошондой эле ротациялоодо жана кызматтан көтөрүүдө колдонулат.


Судьялар кеңеши мындан ары да сот адилеттигинин принциптерине жана Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын талаптарына ылайык баа берүүнүн кесипкөй жана ачык-айкын механизмин иштеп чыгууну жана киргизүүнү камсыз кылат.


Жыйын Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Айда Сейдакматованын жетекчилиги алдында өттү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...