Бүгүн, 2026-жылдын 22-январында, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушуп, сот тутумунун ишмердүүлүгүнө байланышкан актуалдуу маселелерди талкуулады.
Жолугушуунун жүрүшүндө сот тутумунун өнүгүүсүнүн приоритеттүү жана негизги багыттарын биргелешип аныктоо, анын туруктуулугун, көз карандысыздыгын камсыз кылуу, ошондой эле сот адилеттигин ишке ашыруунун сапатын жогорулатуу маселелери ортого салынды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова сот тутумун өнүктүрүү боюнча мамлекеттик максаттуу программаны ишке ашырууда Судьялар кеңешинин приоритеттүү милдеттерине токтолуп өттү. Анын ичинде сот тутумун санариптештирүү, IT-инфраструктураны өнүктүрүү, сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапатын жогорулатуу, кадрлар менен камсыз кылуу жана сот тутумун санариптик трансформациялоо багыттары белгиленди.
Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев Судьялар кеңешинин алдындагы комиссиялар тарабынан аткарылган иштер жана алдыга коюлган иш пландар тууралуу кыскача маалымат алды.
Мындан тышкары, Аида Сейдакматова Судьялар кеңешинин отчеттук мезгилдеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, сот адилеттигинин натыйжалуулугун, ачык-айкындуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган иш-чараларга токтолуп өттү.
Судьялар кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын төрайымы Турсунгул Чаргынова комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, келип түшкөн кайрылуулардын болжол менен 90 пайызы соттук актыларга байланыштуу экенин белгиледи. Ал кайрылууларды мыйзам талаптарына ылайык ар тараптуу кароо боюнча системалуу жана ырааттуу иштер жүргүзүлүп жатканын маалымдады.
Тартип комиссиясынын маалыматынан соң, Жогорку соттун Төрагасы тартип жоопкерчилигине тартууда Комиссия калыс, мыйзамдуу жана ачык-айкын мамиле сот тутумуна болгон ишенимди бекемдөөнүн маанилүү фактору экенин, ошондой эле судьялардын кесиптик компетенттүүлүгүнө объективдүү баа берүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Ошондой эле жолугушууда Судьялар кеңешинин Бюджеттик комиссиясынын Төрайымы Эльмира Байтикова сот тутумунун бюджетинин аткарылышы жана бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана рационалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди.
Жогорку соттун Төрагасы бюджетти пландаштырууда жана анын аткарылышын көзөмөлдөөдө сот адилеттигин ишке ашырууга, судьялардын көз карандысыздыгын камсыз кылууга багытталган иш-чараларга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилеп, сот имараттарын куруу менен катар санариптештирүү, социалдык кепилдиктерди жакшыртуу багытында бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүүнү тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин алдындагы эксперттик-окутуу комиссиясынын төрагасы Куралбек Абдыкадыров биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат орундарына талапкерлердин резервине киргизилген талапкерлерди окутуу боюнча офлайн жана онлайн форматтарды камтыган Жобонун долбоору иштелип чыгып жатканын маалымдады.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы М.Сатыев жергиликтүү соттордун аппарат кызматкерлерин Сот адилеттигинин жогорку мектебинде окутуунун маанилүүлүгүн белгилеп, судьялар менен катар сот аппаратынын кызматкерлерин да системалуу окутуу зарылдыгын айтты. Анын айтымында, сот аппараты келечектеги кадрларды калыптандырууда маанилүү роль ойнойт деди. Ошондой эле алыскы аймактарда квалификацияны жогорулатууга тең мүмкүнчүлүктү камсыз кылуу үчүн көчмө окутуу иш-чараларын уюштуруу максатка ылайык экенин белгиледи.
Мындан сырткары, М.Сатыев жер-жерлердеги сот органдарында жүргүзүлүп жаткан курулуш жана оңдоо иштерине өзгөчө көңүл бурулуп, иштердин сапатына, аткаруу мөөнөттөрүнө жана мыйзам талаптарынын так сакталышына катуу көзөмөл жүргүзүү зарылдыгына да токтолуп кетти.
Жыйындын соңунда Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев тартипти жана жоопкерчиликти мындан ары да чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, ар бир бюджеттик каражат максаттуу жана натыйжалуу пайдаланылышы керектигин баса белгиледи. Ал ошондой эле белгиленген пландарды ишке ашыруу сот тутумунун мындан аркы өнүгүшүнө жана сот бийлигине болгон коомдук ишенимди бекемдөөгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасынын кеңешчиси Руслан Мырзалимов, ошондой эле Жогорку соттун Аппаратынын жетекчиси Сулайман Мыкыев катышты.
