Урматтуу судьялар, сот тутумунун кызматкерлери жана ардагерлери!
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди кирип келе жаткан Жаңы 2025-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Жаңы жыл – эң сүйүктүү жана жаркын майрамдардын бири. Бул майрам баарыбызды жалпы үмүттөр, тилектер жана келечекке умтулууларыбыз менен бириктирип келген майрам.
Узап жаткан 2024-жыл биздин өлкөбүз үчүн маанилүү баскыч болду. Ал кыргыз элинин гүлдөөсүнө жана бакубат жашоосуна багытталган бир катар маанилүү саясий чечимдер менен коштолду. Мындан тышкары, өлкөбүздүн социалдык-экономикалык абалынын жакшыртылышы чоң жетишкендик болуп, бул стабилдүүлүктү жана өнүгүүнү чыңдоого өбөлгө түздү.
Алдыга койгон иш-максаттар орундалууда, “2023-2026 жылдарга Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасынын өнүктүрүү” Мамлекеттик максаттуу программасынын алкагында бир топ алгылыктуу аракеттер жүргүзүлүүдө. Аткарылган иштер соттун айкындуулугун, ачыктыгын жана жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүп, элдин сотторго болгон ишенимин жогорулатууга өбөлгө болду деп ишенем.
Жаңы жыл биз үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү жана жакшы өзгөрүүлөрдү алып келсин деп тилек кылып, келерки жыл бардык кыргызстандыктарга ийгиликтерди, тынчтыкты жана бакубатчылыкты алып келерине үмүт артам.
Ар бириңиздерге бекем ден-соолук, бакыт-таалай, бакубатчылык, элибизге тынчтык, эгемендүү мамлекетибизге чоң жетишкендиктерди каалайм!
Урматтоо менен,
Кыргыз Республикасынын
Судьялар кеңешинин төрагасы
Кыдык Джунушпаев