KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин төрайымы А. Сейдакматова Баткен жана Ош облустарынын судьялары менен жолугушууларды өткөрдү

13 апреля 2026

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова Баткен жана Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында жергиликтүү соттордун төрагалары, судьялары, ошондой эле Сот департаментинин облустук башкармалыктарынын башчылары менен жолугушууларды өткөрдү.


Жолугушуулардын жүрүшүндө сот тутумундагы актуалдуу маселелер кеңири талкууланды. Атап айтканда, судьяларды кызматтык турак жай менен камсыз кылуу, алардын жашоо шарттарын жакшыртуу жана социалдык кепилдиктерди күчөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.


Мындан тышкары, Баткен жана Ош облустарында Сот адилеттик үйлөрүн куруу маселеси, ошондой эле Өзгөн жана Кара-Суу райондук сотторунун административдик имараттарынын курулушунун жүрүшү боюнча пикир алмашуулар болду. Аталган маселелер сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу алкагында каралды.


Катышуучулар аталган багыттардагы негизги көйгөйлөрдү белгилеп, тиешелүү сунуштарын ортого салышты.


Жолугушуулардын жыйынтыгында Аида Сейдакматова судьялар тарабынан көтөрүлгөн бардык маселелерди  чечүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрүн айтып, мындай иш сапарлар жеринде көйгөйлөрдү натыйжалуу чечүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгиледи. Ошондой эле тиешелүү жетекчилерге конкреттүү тапшырмалар берилди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...