Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрайымы Турсунгуль Чаргынова Улуттук телерадио берүү корпорациясынын «Ала-Тоо Live» телеберүүсүнүн түз эфирине катышты.
Маек судьялар корпусунун өзүн-өзү тазалоосуна, жарандардын укуктарын коргоого жана судьялардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылууга байланышкан актуалдуу маселелерге арналды.
Турсунгуль Чаргынова соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органынын негизги милдети болгон тең салмактуулукту сактоо тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. Ал судьялар тарабынан мыйзам бузууларга жол бербөө жана аларды катуу бөгөттөө менен бирге, ошол эле учурда судьялардын негизсиз кысымдардан көз карандысыздыгын коргоо башкы максат экенин баса белгиледи.
Видеого шилтеме:https://www.youtube.com/watch?v=BImI1kCX9ao&t=2s
