- Бишкек шаардык сотунун кылмыш иштер жана административдик укук бузуулар боюнча соттук коллегиясынын мурдагы судьялары Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Башкы прокурордун сунушун кароо;
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын материалдарын кароо;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин Ош облустук башкармалыгынын оперативдик башкаруусунда турган, Ош шаары, Ашимахунов көчөсү №7 дарегинде жайгашкан (идентификациялык коду: 5-11-08-0171-0032), жалпы аянты 1500,0 чарчы метр болгон жер тилкеси сот тутумунун кызматкерлерин жеңилдетилген шартта, жеткиликтүү баада турак жай менен камсыз кылуу, өлкө аймагында ипотекалык турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүү максатында ипотекалык шартта көп кабаттуу үй куруу үчүн аталган жер тилке “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү боюнча иш аракеттер жүргүзүү боюнча маселесин кароо;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайын ижаралоо боюнча чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө маселени кароо;
- Ар түрдүү маселелер.
