KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2025-жылдын 19-декабрындагы жыйналышынын күн тартиби:

18 декабря 2025

  1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын материалдарын кароо;

  2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2026-жылга карата түзүлгөн Окуу планын жана 2024-2026-жылдарга карта биринчи жолу дайындалган судяларынын, I-II-инстанциядагы судьяларынын жана Кыргыз Республикасынын сотторунун жана сот органдарынын аппараттарынын кызматкерлеринин калификациясын жогорулатуу боюнча комплекстүү программаларын бекитүү жөнүндө маселени кароо;

  3. Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө маселени кароо;

  4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин сотторду санариптештирүү жана зарыл техникалык жабдуулар менен камсыз кылуу маселелери, ошондой эле 2025-жылга бюджеттин аткарылышы боюнча кыскача отчету;

  5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайын ижаралоо боюнча чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө маселени кароо;

  6. Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы К.А.К. карата чыгарылган өкүм күчүнө киргендигине байланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине сунуш киргизүү тууралуу маселени кароо;

  7. Ар түрдүү маселелер.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...