KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2024-жылдын 27-сентябрындагы жыйналышынын күн тартиби:

27 сентября 2024

1. «Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлер менен конкурстук тандоо өткөрүүнүн тартиби жөнүндө Жобого» өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин сунушун кароо;


2. «Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабры ПЖ № 370 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун түзүмүн жана жергиликтүү соттордун судьяларынын штаттык санын өзгөртүү боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна сунуш киргизүү маселесин кароо;


3. «Сот тутумунун кызматкерлерине ипотека жолу менен турак-жай берүү үчүн резервдик жана кезектүүлүк тизмесин түзүү жөнүндөгү» Жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча долбоорун кароо.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...