1. «2023-2026-жылдары Кыргыз-Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» мамлекеттик максаттуу программасынын кээ бир иш-чаралар планын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин маалыматын кароо;
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин «Адилет сот» маалыматтык технологиялар боюнча мекемесинин жергиликтүү соттордун сот залдарын аудио-видео жазуу аппараттарын орнотуу боюнча иш чаралары жана инфраструктураны модернизациялоо жөнүндө маалыматын угуу;
3. «Кыргыз Республикасынын сотторунда насаатчылык жөнүндө» Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын материалдарын кароо;
5. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун айрым судьяларынын судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу, судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маселени кароо;
6. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класс ыйгаруу жөнүндө маселени кароо;
7. 31-август Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздык күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сыйлыктарын тапшыруу;
8. Ар түрдүү маселелер.