Бекитилди
Кыргыз Республикасынын
Судьялар кеңешинин
2024-жылдын 9-августундагы
чечими менен
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Кыргыз Республикасынын сот тутумунда коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча 2025-2030-жылдарга иш-чараларынын планы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 05.06.2024-ж. № УП №137 сандуу Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча Мамлекеттик стратегиянын № 2 тиркемесинин 9-главасынын 16, 17 жана 20-пункттарына ылайык түзүлгөн
№ | Иш-чаранын аталышы | Көрүлүүчү чаралар/Аракеттер | Мөөнөтү | Жооптуу аткаруучу | Көрсөткүч (Күтүлгөн жыйынтыктар) |
1. Санариптештирүү процесстерин өнүктүрүү жана азыркы этапта коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжалуу чараларынын бири катары сот тутумунун органдарынын ишине маалыматтык технологияларды киргизүү | |||||
1 | Аралыктан туруп сот актыларына жетүүнүн электрондук системасын өнүктүрүү. | Сот актыларын аралыктан алуу үчүн сот адилеттиги порталынын (электрондук тутумунун) функционалдуулугун, ошондой эле сот актыларын жарыялоо механизмдерин өркүндөтүү. | 2025-жыл | “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемеси, жергиликтүү соттор | Сот адилеттиги порталынын функционалдуулугун жакшыртуу боюнча чаралар көрүлдү. |
2 | Жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сот отурумдарын милдеттүү түрдө аудио —, видеофиксациялоону киргизүү | Сот залдарын видео камералар жана башка техникалык каражаттар менен жабдуу, жарандык, экономикалык жана административдик иштер боюнча сот отурумдарын аудио, видеофиксациялоону киргизүү. | 2025- 2027-жылдары | КР ЖС караштуу Сот департаменти, “Адилет сот” маалыматтык технологиялар мекемеси, жергиликтүү соттор | Сот залдарын соттук териштирүүнүн жүрүшүн жаздырууга мүмкүндүк берүүчү техникалык каражаттар менен жабдуу боюнча чаралар көрүлдү. |
3 | Судьялардын бош кызмат орундарына тандоонун ачык-айкындуулугун камсыз кылуу | 1) Судьялардын бош кызмат орундарына тандоо тартибин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актыларды талдоо | 2025-жыл | КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши, КР Судьялар кеңеши | Аналитикалык кат даярдалды
|
2) Судьяларды тандоо тартибин жөнгө салуучу ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана мыйзам чыгаруучу органдарга киргизүү. | 2026-жыл | КР Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши, КР Судьялар кеңеши | Тиешелүү ченемдик-укуктук актылар иштелип чыкты |