KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Онлайн аркылуу мамлекеттик алым төлөөнү киргизүү маселеси боюнча кеңешме өттү

17 января 2025

2025-жылдын 6-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинде 2023-2026-жылдарга сот адилеттигин өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын, тактап айтканда «төлөм шлюзун»ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 3.15-пунктун ишке ашыруу боюнча кеңешме болуп өттү. Кеңешме Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримованын жетекчилиги астында өттү.


Кеңешмеде мамлекеттик алымды онлайн, башкача айтканда мобилдик тиркеме жана ААК «Элдик Банк» терминалдары аркылуу төлөөнү киргизүү жана электрондук сот өндүрүшү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында көрсөтүлгөн «сот 2.0» тиркемесин (АМТ) модификациялоо маселелери талкууланды.


Кеңешменин ишине төмөнкүлөр катышышты:



  • Шейшеканов Д.Т.— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы;

  • Канат Осмонов— Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары;

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, «Элдик Банк» ААКнын, Сот департаментинин жана «Адилет Сот» маалыматтык технологиялар башкармалыгынын өкүлдөрү.


Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар долбоорду ийгиликтүү ишке киргизүү жана жарандар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн зарыл болгон артыкчылыктуу милдеттерди аныкташты.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...