2025-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын судьялык кызмат ордуна талапкерлер үчүн конкурстук тандоонун тапшырмаларын иштеп чыгуу жана актуалдаштыруу максатында Судьялар кеңешинин чечими менен түзүлгөн жумушчу топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын судьясы кызматына талапкерлерди компьютердик тестирлөө үчүн мурда түзүлгөн суроолорду инвентаризациялоо боюнча терең талдоо жүргүзүп, жооптору менен жаңы кошумча суроолорду иштеп чыгуу боюнча иштерди аткарды.
Жыйында судьялыкка талапкерлер үчүн каралган кейс-тапшырмалар (мисалдуу маселелер) кеңири талкууланды. Бул тапшырмалар юридикалык жагдайларды талдоону, талаштуу маселелерди чечүүнү, процессуалдык документтерди түзүүнү жана тараптардын укуктук позициясын баалоону камтыйт. Мындай тапшырмалар талапкердин билимин, аналитикалык жөндөмүн жана негиздүү соттук чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгүн текшерет. Мындай тапшырмалар квалификациялык экзамендин бир бөлүгү болуп саналат жана талапкердин жооптуу соттук функцияларды аткарууга жөндөмдүүлүгүн баалайт.
Жаңыланган тапшырмаларды Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши бекиткенден кийин судьялык кызматка талапкерлер компьютердик тестирлөөдөн өтүшөт жана жаңы форматта жазуу жүзүндөгү практикалык тапшырмаларды аткарышат.
Бул иш-чаралар Кыргыз Республикасынын сот системасына талапкерлерди тандоо механизмин өркүндөтүүгө, сынак процессинин ачыктыгын камсыз кылууга жана судьялар корпусунун кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган.
Белгилей кетсек, жумушчу топту Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Судьялар кеңешинин Дисциплинардык комиссиясынын төрагасынын орун басары Лунара Жолдошева жетектейт.