2025-жылдын 6-мартында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жаңы курамынын биринчи отуруму болуп өттү. Кеңештин бул курамы 2025-жылдын 5-мартында болуп өткөн Кыргыз Республикасынын судьяларынын кезектеги XIII Курултайында шайланышкан.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин регламентине ылайык, биринчи отуруму Судьялар кеңешинин улуу мүчөсү Турсунгүл Чаргынованын төрагалыгы астында өткөрүлдү. Жыйналыштын жүрүшүндө Судьялар кеңеши Кеңештин төрагасын жана анын орун басарын ачык добуш берүү менен Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен үч жылдык мөөнөткө шайлады.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Сейдакматова Аида Асанбековна, ал эми төраганын орун басары болуп Чүй облусунун административдик сотунун төрагасы Даркимбаев Таалайбек Кадралиевич шайланды.
Аида Сейдакматова буга чейин Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсү болгон. «Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 11-пунктуна ылайык, анын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөсү катары ыйгарым укуктары 2025-жылдын 5-мартында өткөн судьялардын Курултайында Судьялар кеңешинин курамына шайлангандыгына байланыштуу токтотулган.