2024-жылдын 9-октябрында Судьялар кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Замирбек Базарбековдун аны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы кызматынан бошотуу жана өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арыздары каралып, канааттандырылды.
Аны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызмат ордунан бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлдү.