KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Ведомстволор аралык жумушчу топ сот адилеттигин өнүктүрүүнүн жаңы программасынын долбоорун иштеп чыгууга киришти

01 октября 2025

2025-жылдын 30-сентябрында «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун 2030-жылга чейин өнүктүрүү» жаңы программасынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.


Жумушчу топ Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тапшырмасын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2025-жылдын 29-августундагы чечими менен түзүлгөн.


Топтун жетекчиси — Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Эльмира Байтикова.


Ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи жыйынынын жүрүшүндө катышуучулар сот органдарынын ачыктыгын, натыйжалуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүүгө жана сот адилеттиги чөйрөсүндөгү ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жана координацияны өркүндөтүүгө басым жасоо менен «Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги тутумун 2030-жылга чейин өнүктүрүү» жаңы программасынын негизги багыттарын талкуулашты.


Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын, сот корпусунун, анын ичинде Конституциялык жана Жогорку соттордун, соттук өз алдынча башкаруу органдарынын, Акыйкатчы аппаратынын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл, билим берүү жана санариптик органдардын өкүлдөрү кирди. Макулдашуу боюнча курамга ошондой эле Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Юстиция министрлигинин, Финансы министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлдөрү киргизилген.


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...