2026-жылдын 5-мартында Кыргыз Республикасынын сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык жана Жогорку сотторунун судьялары, ошондой эле жергиликтүү соттордун судьялары жана аппарат кызматкерлери катышышты.
Салтанаттуу аземдин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы Медербек Сатыев сот тумунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап, ведомстволук сыйлыктарды тапшырып, алардын эмгегин жана сот бийлигин өнүктүрүүгө кошкон салымын жогору бааларын билдирди.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2026-жылдын 21-февралындагы чечимине ылайык, сот адилеттигин жүзүгө ашырууда ак ниет эмгеги жана жогорку натыйжаларга жетишкендиги үчүн төмөнкү судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери ведомстволук сыйлыктар менен сыйланышты.
Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин «Кыргыз Республикасынын сот тутумуна сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын төрагасынын орун басары Жолдошева Лунара Чаткалбековна сыйланды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Ардак грамотасы менен төмөнкүлөр сыйланды:
1. Бишкек шаардык сотунун судьясы Эсенбаев Нурлан Бердибекович
2. Бишкек шаардык сотунун судьясы Абсатарова Гульзат Абсатаровна
3. Бишкек шаардык сотунун судьясы Болотбаев Мелис Жаныбекович
4. Талас облустук сотунун төрагасынын орун басары Садыков Алтынбек Кадырбаевич
5. Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары Тойгонбаев Асанбек Рафикович
6. Чүй облустук сотунун судьясы Шин Галина Алексеевна
7. Ош облустук сотунун судьясы Шамбетова Мира Узбековна
8. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Аппаратынын жарандык жана экономикалык иштер боюнча судьялардын ишин камсыздоо бөлүмүнүн консультанты Сүйөркулова Нуржан Сүйөркуловна
9. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин кадрдык иштерин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Осмонова Замира Дүйшөналиевна
10. Жалал-Абад облусунун Аксы райондук сотунун бөлүм башчысы Иманбаева Рахат Омуркуловна
11. Ысык-Көл облусунун Тоң райондук сотунун улук катчысы Чотубаева Бактыгул Турсунбековна.
