- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун төрагасы Осконбаев Эмиль Жолдошевич менен жолугушуу;
- Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын материалдарын кароо;
- Ош облусунун Административдик сотунун төрагасы С.Д.С. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушун кароо;
- Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунун судьясы Ж.Ш.Б. кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун сунушун кароо;
- Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун 2025-жылга карата бюджеттин аткарылышы боюнча маалыматын кароо;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин 2025-жылга карата бюджеттин аткарылышы боюнча жана ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчетун угуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин 2025-жылга карата бюджеттин аткарылышы боюнча жана ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчетун угуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы «Фемида пансионаты» мамлекеттик ишканасынын бюджеттин аткарылышы боюнча жана ишмердүүлүгү жөнүндө жылдык отчетун угуу;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменттин директорунун орун басары К.А. Осмонов тарабынан «Кыргыз Республикасынын “Сот приставдары жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзам долбоору менен тааныштыруу жөнүндө маалыматын угуу;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайын ижаралоо боюнча чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө маселени кароо;
- Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык классын ыйгаруу жөнүндө маселени кароо;
- Ар түрдүү маселелер.
