KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин 2024-жылдын 6-декабрындагы жыйналышынын күн тартиби:

06 декабря 2024

1. “Кыргыз Республикасынын судьялар Ассоциациясы” коомдук бирикмеси даярдап жиберген төмөндөгү мыйзамдардын долбоорлорун кароо:

Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык мыйзамдарына өзгөртүүлөр) жана ага тиешелүү салыштырма таблицанын жана түшүндүрмө маалымкаттын долбоорлору; Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору (“Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө” Конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөр) жана ага тиешелүү салыштырма таблицанын жана түшүндүрмө маалымкаттын долбоорлору;

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору (Кыргыз Республикасынын “Судьялардын өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Административдик процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын «Укук бузуулар жөнүндө» кодексине, “Маалыматка жетүү укугу жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөр) жана ага тиешелүү салыштырма таблицанын жана түшүндүрмө маалымкаттын долбоорлору.


2. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин техникалык тапшырма боюнча заказчыны аныктоо жана Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат ордуна талапкерлерди электрондук тандоонун автоматташтырылган маалыматтык системасын иштеп чыгууга техникалык тапшырманын долбоорун бекитүү жөнүндөгү кайрылуусун кароо;


3. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин судьялык кызмат ордуна талапкерлер менен компьютердик тестирлөөнү өткөрүү үчүн мурда түзүлгөн суроолорго талдоо жүргүзүүнүн зарылдыгы жөнүндөгү жана аларды колдонуудагы мыйзамдарга ылайык келтирүү, кийин Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан бекитип берүү жөнүндөгү кайрылуусун кароо;


4. Ар түрдүү маселелер.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...