2025-жылдын 5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анда Судьялар кеңешинин туруктуу иштеп жаткан комиссияларынын курамын түзүү жана жаңылоо боюнча чечимдер кабыл алынды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен, учурдагы курамдын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин, негизги иш багыттары боюнча туруктуу иштеген жумушчу органдардын, атап айтканда: Тартиптик, Бюджеттик жана Окуу-эксперттик комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөр киргизилди.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча жаңы комиссия түзүлүп, анын курамы бекитилди.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча комиссиясынын курамы:
— Бекешов Тыныбек Рахманбердиевич — комиссиянын төрагасы;
— Абыкеев — комиссиянын Талайбек Капар уулу мүчөсү (Судьялар кеңешинин мүчөсү);
— Эгембердиева Анар Раимжан кызы — комиссиянын мүчөсү (Судьялар кеңешинин мүчөсү);
— Мельникова Маргарита Павловна — комиссиянын мүчөсү (Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы);
— Уметова Айгүл Таштанбековна — комиссиянын мүчөсү (Чүй облусунун Ысык-Ата райондук сотунун судьясы);
— Эсенбаев Нурлан Бердибек уулу — комиссиянын мүчөсү (Бишкек шаардык сотунун судьясы);
— Абдиева Тынара Курмантаевна — комиссиянын мүчөсү (Чүй облустук сотунун судьясы).
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Судьялардын статусу жөнүндө Конституциялык Мыйзамынын 273 -беренесине ылайык, Судьялар кеңешинин Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишинин сапатын кесиптик баалоо боюнча комиссиясы 7 мүчөдөн турат жана Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнөн жана кынтыксыз абройго ээ болгон, 5 жылдан кем эмес судьялык иш тажрыйбасы бар судьялардын ичинен түзүлөт. Мында Судьялар кеңешинен — 3 талапкер, судьялардан — 4 талапкер көрсөтүлөт.