KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын жаңы орун басары шайланды

18 августа 2025

2025-жылдын 15-августунун экинчи жарымында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйыны уланды, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды:


Судьялар кеңешинин чечими менен Даркимбаев Т.К. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун сотунун төрагалыгына дайындалышына байланыштуу Судьялар кеңешинин төраганын орун басарынын милдетин аткаруучу катары ыйгарым укуктары токтотулду. Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын “»Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 10-беренесинин 6-пунктуна ылайык, Судьялар кеңешинин төрагасы жана анын орун басары жергиликтүү соттордун жетекчилери же алардын орун басарлары боло албайт. Ошол эле учурда, Даркимбаев Т.К. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин курамында мүчө катары кала берет.


Жыйындын жүрүшүндө Судьялар кеңеши жалпы мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен үч жылдык мөөнөткө төраганын орун басарын ачык добуш берүү жолу менен шайлады. Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары болуп Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы Байтикова Эльмира Турдакуновна шайланды.


Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн кесиптик сапатын баалоону өткөрүү тартиби жана шарттары тууралуу Комиссиянын Жобосуна өзгөртүүлөр киргизилди. Ошондой эле, Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын судьялыгына талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөөдөн өткөрүүдө колдонулуучу мурда түзүлгөн суроолорду инвентаризациялоо жана аларды учурдагы мыйзамдарга ылайык келтирүү боюнча жумушчу топ түзүлдү.


Мындан тышкары, Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөсү (Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы) Саткынбаев Рустам Шайлобековичтин 2025-жылдын 15-августунда өз каалоосу менен Судьялар кеңешинин мүчөсү катары ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...