Судьялардын курултайы соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп саналат жана үч жылда бир жолу өткөрүлөт.
Күн тартибинин алкагында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев Судьялар кеңешинин акыркы үч жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу баяндама жасады. 2022-2025-жылдар аралыгында Судьялар кеңеши тарабынан 208 жыйналыш өткөрүлүп, анда 352 чечим кабыл алынган, бул ар түрдүү комиссиялардын ишинин жогорку деңгээлдеги активдүүлүгүн жана натыйжалуулугун көрсөтүп турат. Кеңеште үч комиссия иш алып барат: бюджеттик, дисциплинардык жана окутуу-эксперттик комиссиялары. Ошондой эле Судьялар кеңеши тарабынан 300 дөн ашык судьяга квалификациялык класстарды ыйгаруу жөнүндө чечим кабыл алынып, Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштар киргизилген.
Өлкөдө сот реформасын ишке ашырууга жана сот бийлигинин ишинин сапатын жогорулатууга багытталган «2023-2026-жылдары Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын иштеп чыгуу Судьялар кеңешинин башкы жетишкендиктеринин бири болуп саналат. Аталган программа Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен 2023-жылы бекитилген. Сөзүнүн аягында Судьялар кеңешинин төрагасы Кыдык Джунушпаев судьялардын курултайы өлкөнүн коомдук-саясий жана укуктук турмушундагы маанилүү окуя болуп саналаарын баса белгиледи. Судьялар кеңеши судьялардын курултайларынын ортосунда иштеген жана Соттук өз алдынча башкаруу саясатын жүргүзгөн жогорку орган болуп саналарын, ошондуктан анын жыйынтыктары, сунуштары жана чечимдери бүткүл сот тутуму үчүн чоң мааниге ээ экендигин белгилегеди.
Иш чаранын жүрүшүндө Жогорку соттун мурдагы төрайымы Жаңыл Алиева актуалдуу темалар боюнча баяндама жасады. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген юристи өз баяндамасында судьялар көз карандысыз жана Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийерин, судья кол тийбестик укугуна ээ экенин жана конкреттүү иш боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок экенин эскертти.
Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин төрайымы, Бишкек шаардык сотунун судьясы Эльмира Барыктабасова судьяларды тандоо системасын өркүндөтүү жана объективдүүлүгүн жогорулатуу максатында жүргүзүлүп жаткан реформа жөнүндө кеңири айтып берди.
Ош шаардык сотунун судьясы Бакытбек Сыдыгалиев өз докладын сот тутумун санариптештирүү маселелерине арнады.
Курултайда ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Рахат Каримова, Мукамбет Касымалиев, Айбек Молдакунов жана Темирбек Ибраимов Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин ишмердүүлүгүнүн маселелери боюнча сөз сүйлөгөштү.
Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайынын Регламентин, Судьялар кеңешинин Регламентин жана Кыргыз Республикасынын судьяларынын XIII курултайынын Резолюциясын кабыл алуу боюнча чечимдердин долбоорлору судьялардын жалпы добуш берүүсү менен бир добуштан кабыл алынды.