Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрайымы Аида Сейдакматова 24.kg маалыматтык агенттигине берген маегинде биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлердин резерв институтун киргизүү тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, акыркы бир жыл ичинде Кыргыз Республикасынын сот тутумунда биринчи инстанциядагы соттордун судьяларын тандоо жана дайындоо тартибин өркүндөтүүгө багытталган бир катар маанилүү реформалар жүргүзүлдү. Негизги жаңылыктардын бири катары биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлердин резерв институтун киргизүү саналат. Тиешелүү мыйзамдарга киргизилген өзгөртүүлөр үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында мыйзамдуу күчүнө кирди.
Жаңы механизм судьяларды тандоонун сапатын жогорулатууга жана биринчи инстанциядагы соттордо бош судьялык кызмат орундарын ыкчам толтурууга багытталган. Бул соттордо бош кызмат орундар пайда болгон учурларда иштеп жаткан судьялардын жүктөмүнүн көбөйүшүнө жол бербөөгө мүмкүндүк түзөт.
Мындан тышкары, конкурстук тандоону өткөрүүнүн тартиби да өзгөртүлдү. Эми конкурс белгилүү бир соттогу вакансияларды көрсөтпөстөн жарыяланат — биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлердин резерви түзүлөт. Мурдагыдай эле, конкурстук тандоо үч этаптан турат, бирок бардык баскычтарында санариптик технологияларды активдүү колдонуу пландалууда. Бул адам факторунун таасирин мүмкүн болушунча минималдаштырууга шарт түзөт. Атап айтканда, бул документтерди кабыл алуу, компьютердик тестирлөөдөн өтүү, психологиялык-психиатриялык тестирлөө, медициналык кароодон өткөрүү жана башка жол-жоболорго тиешелүү.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши талапкерлер үчүн тесттик тапшырмаларды акыркы өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен колдонулуп жаткан мыйзамдарга шайкештигин ар тараптуу талдоодон өткөрдү. Биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлердин резервин түзүү үчүн кошумча тесттик тапшырмалар даярдалып, анын натыйжасында тестирлөөдөгү суроолордун жалпы саны көбөйтүлөт.
Биринчи инстанциядагы соттордун судьялык кызмат ордуна талапкерлердин резерв институтун киргизүү сот тутумун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат жана анын натыйжалуулугун, ачыктыгын жогорулатууга, ошондой эле коомчулуктун ишенимин бекемдөөгө багытталган.
Маектин толук тексти менен бул жерден таанышууга болот: https://24.kg/obschestvo/355093_predsedatel_soveta_sudeykr_odavlenii_distsipline_ireformah/
