Тартип комиссиясы — судьялардын тартиптик жоопкерчилигине байланышкан маселелерди караган Судьялар кеңешинин туруктуу иш алып баруучу органы болуп саналат. Анын негизги милдети судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу менен гана чектелбестен, алардын көз карандысыздыгын жана кесиптик аброюн негизсиз айыптоолордон коргоону да камсыз кылуу болуп саналат.
Комиссияга ким кайрыла алат?
Судьянын аракетине же аракетсиздигине байланыштуу даттануу менен Судьялар кеңешине төмөнкүлөр кайрыла алышат:
- жарандар жана юридикалык жактар;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары;
- Кыргыз Республикасынын сотторунун төрагалары;
- судьяны кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунуштаманы Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору гана киргизет.
Кайрылуу машинкада терилген жазуу жүзүндө же электрондук санариптик кол тамгасы коюлуп, электрондук почта аркылуу берилет. Анонимдүү кайрылуулар каралбайт.
Кайрылуу келип түшкөндөн кийин эмне болот?
Адегенде кайрылуунун белгиленген талаптарга ылайык келери текшерилет. Эгерде кайрылууну кайтарып берүү үчүн негиздер жок болсо, Тартип комиссиясынын төрагасынын тапшырмасы боюнча комиссиянын мүчөсү кызматтык иликтөө жүргүзөт.
Кызматтык иликтөөнүн жүрүшүндө:
- соттук иштин материалдары изилдениши мүмкүн;
- зарыл болгон документтер талап кылынат;
- судьянын жана башка адамдардын түшүндүрмөлөрү алынат;
- объективдүү текшерүү жүргүзүү үчүн зарыл болгон кошумча маалыматтар чогултулат.
Кызматтык иликтөө 30 календардык күнгө чейинки мөөнөттө жүргүзүлөт.
Материалдар кандай тартипте каралат?
Кызматтык иликтөө аяктагандан кийин материалдар Тартип комиссиясынын жыйынына чыгарылат. Ошондой эле жыйын да 30 календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
Эрежеге ылайык, жыйындар ачык өткөрүлөт. Бирок судьянын өтүнүчү боюнча материалдар жабык тартипте каралышы мүмкүн.
Жыйында кызматтык иликтөөнүн жыйынтыктары, судьянын, арыз ээсинин жана зарыл болгон учурда башка адамдардын түшүндүрмөлөрү угулат. Талкуудан кийин комиссия көпчүлүк добуш менен корутунду кабыл алат.
Комиссия кандай чечимдерди кабыл алат?
Кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия Судьялар кеңешине төмөнкүдөй корутундулардын бирин жөнөтөт:
- судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартуу жөнүндө;
- тартиптик жаза колдонуу жөнүндө;
- кынтыксыздык талаптарын бузган учурда судьяны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө.
Акыркы чечимди Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши кабыл алат.
Кайрылуу төмөнкү учурларда каралбастан кайтарылып берилет:
- белгиленген талаптарга жооп бербесе;
- арыз ээси кайрылуусун кайра чакыртып алса;
- кайрылуунун текстин окуганга мүмкүн болбосо;
- судьянын тартиптик жоругу жөнүндө маалыматтар жок болсо;
- кайрылууда адепсиз же мазактоочу сөздөр, ошондой эле коркутуулар камтылса;
- сот актысына карата даттануу берилсе;
- көтөрүлгөн маселе Судьялар кеңешинин ыйгарым укуктарына кирбесе;
- кайрылуу мурда каралып, анда жаңы жүйөлөр келтирилбесе.
Кандай тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн?
Тартиптик жорук жасаган судьяга төмөнкү тартиптик жазалар колдонулушу мүмкүн:
- алдын ала эскертүү;
- эскертүү;
- сөгүш;
- өзгөчө учурларда – кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу.
Тартиптик жаза тандоодо укук бузуунун мүнөзү, анын кесепеттери, судьянын күнөөсүнүн даражасы жана башка жагдайлар эске алынат.
Судья кандай мөөнөттө тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн?
Судья кайрылуу катталган күндөн тартып алты айдан кечиктирилбестен (кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн убакытты, материалдардын Судьялар кеңешинде каралган мөөнөтүн жана судьянын жүйөлүү себептер менен жумушта жок болгон мезгилин эсепке албаганда), бирок тартиптик жорук жасалган күндөн тартып бир жылдан кечиктирилбестен тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Комиссиянын ишинин ачыктыгы
Судьяны тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына жарыяланат. Бул тартиптик өндүрүштүн ачыктыгын жана айкындуулугун камсыз кылууга өбөлгө түзөт.
Видеого шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=RbfUYhHY_8U
