Бүгүн, 2025-жылдын 19-сентябрында, «Аял-судьялар кыргыз ассоциациясы» коомдук бирикмеси тарабынан Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрү үчүн сот системасында бюджетти түзүү жана башкаруу маселелерине арналган маалыматтык-кеңеш берүүчү жолугушуу уюштурулду.
Иш-чаранын тренери катары Темир Буржубаев – бюджетти башкаруу боюнча улуттук эксперт катышып, Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнө бюджеттик процесстерди натыйжалуу пландаштыруу жана көзөмөлдөө боюнча баалуу билимдер менен практикалык сунуштарды берди.
Бул окутуу сот системасынын институционалдык потенциалын чыңдоого жана Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга багытталган. Бюджеттик пландаштыруу жаатындагы компетенцияларды бекемдөө сот системасынын ачык-айкындуулугун жана натыйжалуулугун өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт.
Судьялар кеңеши «Аял-судьялар кыргыз ассоциациясы» коомдук бирикмесине аталган иш-чараны уюштуруудагы колдоосу жана кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары да судьялар кеңеши кесиптик потенциалын жогорулатуу боюнча ишти улантууну көздөй турганын белгиледи.