KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапатына кесиптик баалоо жүргүзүү боюнча комиссиянын мүчөсү Айгуль Уметова «Номад ТВ» телеканалына маек берди

23 июля 2026

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн сапатына кесиптик баалоо жүргүзүү боюнча комиссиянын мүчөсү Айгүл Уметова «Номад» телеканалына маек берди. Анда ал судьялардын ишмердүүлүгүн баалоонун максаты, тартиби жана негизги критерийлери тууралуу айтып берди.


Ал кесиптик баалоо судьялардын кесиптик компетенттүүлүк деңгээлин, сот адилеттүүлүгүн жүргүзүүнүн сапатын жана кесиптик сапаттарын аныктоо максатында жүргүзүлөрүн билдирди.


Айгуль Уметова: «Кесиптик баалоону жүргүзүүдө сот актыларынын сапаты, процесстик мөөнөттөрдүн сакталышы, иштин натыйжалуулугу, ошондой эле жарандардын кайрылуулары жана даттануулары сыяктуу көрсөткүчтөр эске алынат. Баалоонун жыйынтыгында жетиштүү упай топтой албоо судьянын ыйгарым укуктарын токтотууга негиз болуп саналбайт. Мындай учурларда квалификацияны жогорулатуу боюнча чаралар каралып, андан соң кайрадан кесиптик баалоо жүргүзүлөт», – деп баса белгиледи.


Видеого шилтеме: https://www.youtube.com/watch?v=IYPkHN8bPHk


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...