Бүгүн, 2026-жылдын 5-июнунда, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин бюджеттик комиссиясынын жыйналышы өткөрүлдү.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун жана Жогорку сотунун, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Сот департаментинин 2027-жылга карата бюджетинин долбоорлору жана 2028-2029-жылдарга карата Бюджеттик болжолдору каралды.
Судьялар кеңешинин Бюджеттик комиссиясынын төрагасы Эльмира Байтикова бюджеттик каражаттарды өз убагында жана максаттуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.
Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайларды ижаралоо боюнча чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө маселе каралды.
Иш-чарага КР Конституциялык сотунун каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Айзада Бокоева, КР Жогорку сотунун каржы–чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын м.а. Гульжан Долдоева, КР Жогорку сотунун улук референти Жылдыз Айтпаева, Сот департаментинин директорунун орун басары Аида Осмонбекова, Сот департаментинин Ресурстар башкармалыгынын башчысы Джыпаргуль Мырзакеева, Сот департаментинин материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Максат Шарипов жана Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин каржы–чарбалык бөлүмүнүн башчысы Гулай Назарова катышышты.
