KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Болочок юристтер Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин ишмердүүлүгү менен таанышты

21 мая 2025

2025-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти тарабынан Ж. Баласагын атындагы КУУнун Юридикалык институтунун 2-курсунун студенттери үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулду.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин имаратында өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Назира Сагыналиева Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин ишмердүүлүгү жана негизги милдеттери жөнүндө кыскача айтып берди.


Болочок юристтер судьялык кызматка конкурстук тандоонун жол-жобосуна өзгөчө кызыгуу көрсөтүштү. Аларга конкурстук тандоонун этаптары, анын ичинде талапкерлерге коюлуучу талаптар, тестирлөө, аңгемелешүү жана компетенттүү органдар тарабынан жыйынтыктоочу чечимдерди кабыл алуу тартиби түшүндүрүлдү.


Мындан сырткары, студенттер Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо тартибине, ошондой эле Судьялар кеңешинин тартип комиссиясынын ишине активдүү кызыгышты.


Студенттер үчүн Кеңештин имаратына экскурсия уюштурулуп, эки органдын иш процесстери менен жакындан таанышып чыгышты. Иш-чаранын соңунда Сот департаментинин кызматкерлери студенттерге көрсөткөн кызыгуусу жана активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, окууларына ийгиликтерди кааларын билдиришти.


Жаштардын укуктук маданиятын тарбиялоого өз билимин жана күч-аракетин жумшаган окутуучулардын эмгегинин мааниси өзгөчө баса белгиленди.


Иш-чара Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин маалыматтык саясат жана коомчулук менен байланыш бөлүмү тарабынан уюштурулду.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...