KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү

04 декабря 2025

2025-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп, анын жүрүшүндө күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Судьялар кеңеши Тартип комиссиянын баяндамаларын угуп, корутундуларын талкуулап, бир катар чечимдерди кабыл алды:

— Бишкек шаардык прокурорунун Бишкек К.Ж.Насиповдун шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы Р.А.Р. тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө берген сунушун канааттандыруудан баш тартылды;

Ош облусунун прокурорунун Ч. Ахматовдун сунушу канааттандырылып, Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы К.К.Дж.га карата эскертүү түрүндө тартиптик жаза чарасын колдонулду;

— С.А., Кравченко жана Е.В Клименконун Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы К.А.Т., тартип жоопкерчилике тартуу жөнундө арызын Судьялар кеңешинин кийинки жыйынына калтырылды.

Судьялар кеңешинин чечими менен Сооданбеков Сабыр Конуратовичтин ага отставкадагы судья статусун ыйгаруу жана бул статусту тастыктаган документти берүү жөнүндө арызы канааттандырылды.


Ошондой эле Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттордун судьяларына квалификациялык класстарды ыйгаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине Кыргыз Республикасынын сунуштар киргизилди.


Судьялар кеңешинин чечими менен жергиликтүү соттордун судьяларынын ишмердүүлүгүнүн кесиптик сапатын баалоо боюнча Комиссиянын Жобосунун тиркемисине критерийлерди баалоо жана эсептөө формулаларын жаңыртууга байланыштуу өзгөртүүлөр киргизилди.

Судьялар кеңешинин дарегине жеке жактардан, мамлекеттик органдардан жана ведомстволордон келип түшкөн каттар жана арыздар каралып, эске алынып, жооптор тиешелүү даректерге жөнөтүлдү.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы

Сейдакматова Аида Асанбековна

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...