KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова Азербайжандын сот тутумунун модернизацияланышы менен таанышты

26 июля 2024

2024-жылдын 22-26-июль күндөрү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова Дүйнөлүк банк тарабынан уюштурулган алдыңкы эл аралык тажрыйба менен таанышуу максатында Азербайжан Республикасында окуу сапары менен болду.


Таанышуу сапарынын жүрүшүндө катышуучулар Дүйнөлүк банктын колдоосу менен курулган Сумгаит сот комплексинин, Баку шаарындагы Нариман жана Ясамал райондук сотторунун материалдык-техникалык жабдылышы, ошондой эле алардын санариптик инфраструктурасы менен таанышышты. Жогоруда аталган соттордун төрагалары жана судьялары менен жолугушууда КР делегаттарына сот системасын санариптештирүү жана сот адилеттигине маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча презентациялар өткөрүлдү.


Белгилей кетсек, Сумгаит сот комплекси Дүйнөлүк банктын колдоосу менен курулган жана сот өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга арналган заманбап технология менен жабдылган сот мекемеси болуп саналат. Комплекс ар кандай соттук функциялардын аткарылышын камсыз кылып, иштердин өз убагында жана адилеттүү каралышын камсыздайт. Аталган сот комплекси Азербайжандын сот тутумун модернизациялоо жана калктын укуктук түзүмдөргө болгон ишенимин жогорулатуу боюнча жүргузүлүп жаткан иштеринин символу болуп саналат.


Иш-чаранын соңунда Дүйнөлүк банктын долбоордук командаларынын жетекчилери менен гибриддик форматтагы сапардын жыйынтыктары чыгарылды.


Окуу-таанышуу сапарына Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Клим Омельченко, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперти Данияр Шейшеканов, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директорунун орун басары Джылдыз Рыскулова, Сот департаментине караштуу “Адилет Сот”  маалыматтык технологиялар мекемесининин директору Рустамбек Шабыев, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов, ошондой эле санариптештирүү жана киберкоопсуздук боюнча мамлекеттик органдардын кызматкерлери дагы катышышты.


Окуу сапары санариптик трансформация маселелеринде кыйла өнүккөн Азербайжандын сот системасы менен таанышуу, ошондой эле сот бийлигинин өкүлдөрү жана башка кызыккан тараптар менен сот тутумун модернизациялоо процессинде өлкө алган сабактарды талкуулоо максатында уюштурулду.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...