KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин Регламенти

23 ноября 2021

Кыргыз Республикасынын судьяларынын


2022-жылдын 4-мартындагы


XII курултайында бекитилген


 


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин


Регламенти


1-глава. Жалпы жоболор


 



  1. Ушул Регламент Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин (мындан ары — Судьялар кеңеши) иштөө тартибин аныктайт.

  2. Судьялар кеңеши өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана жергиликтүү соттор жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жөнүндө” конституциялык Мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын  “Соттук өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын, сот бийлигинин ишин жөнгө салуучу башка мыйзамдар менен ченемдик укуктук актылардын жана ушул Регламенттин негизинде жүзөгө ашырат.

  3. Судьялар кеңеши, Судьялардын курултайларынын аралыгында иш жүргүзгөн жана сот тутумунун ишин уюштуруу, кадрлык жана русурстук камсыздоого катышкан, судьялардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону жүзөгө ашырган, судьяларды тартиптик жоопкерчиликке тартуу жөнүндө маселелерди караган, соттордун бюджетин түзүүдө жана аткарууда контроль жүргүзүүчү, судьяларды окутуу менен квалификацияларын жогорулатууну уюшурууну жүзөгө ашырган, шайланган соттук өз алдынча башкаруу органы болуп саналат.


Судьялар кеңеши Судьялардын курултайына отчет берет.



  1. Судьялар кеңеши жана анын резерви Кыргыз Республикасынын Судьяларынын курултайы (мындан ары — Судьялардын курултайы ) тарабынан түзүлөт.


Судья Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши менен Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке бир убакта шайлана албайт.



  1. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү ыйгарым укуктарын негизги ишин үзгүлтүккө учуратпай аткарышат.


Судьялар кеңешинин мүчөсү Судьялар кеңешинин отурумдарына жана иш-чараларына катышуу менен суроолорду даярдоо мезгилинде, эмгек акысын жана башка төлөмдөрүн сактоо менен кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулат.


Судьялар кеңешинин төрагасынын жазуу жүзүндөгү сунушунун негизинде Судьялар кеңешинде аткарылуучу иштин көлөмүнө жана татаалдыгына жараша Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн негизги иштеген жери боюнча тиешелүү сотто иш-милдети азайтылат.



  1. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары төмөндөгүдөй учурларда токтотулат:


— Судьялар кеңешинин мүчөсү мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укугунан баш тартуу жөнүндө арыз бергенде;


— Кыргыз Республикасынын судьясынын кызмат орунунан четтетүүдө;


— тартиптик жорук жасаган учурда;


— Кыргыз Республикасынын судьясы катары ыйгарым укуктары токтотулганда;


— Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешке шайланганда;


— Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагасы же алардын орун басарлары болуп дайындалганда.



  1. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу Судьялар кеңешинин чечими менен кабыл алынат. Ошол эле убакта, Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин резервинен Судьялар кеңешинин курамына судьяны аймактык жана гендердик өкүлчүлүккө ылайык бекитет.


 


2-глава. Судьялар кеңешинин ишинин принциптери жана формалары


 



  1. Судьялар кеңешинин иши көз карандысыздык, объективдүүлүк, сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ишке кийлигишпөө, айкындуулук, коллегиалдуулук, мыйзамдуулук, калыстык жана ак ниеттүүлүк принциптерине негизделет.

  2. Судьялар кеңешинин отурумдары Судьялар кеңешинин ишинин негизги формасы болуп саналат.


Негиздер болгон өзгөчө учурларда  Судьялар кеңеши жабык жыйналыш өткөрүү жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.



  1. Судьялар кеңеши зарыл учурларда, бирок бир жылда төрттөн кем эмес чакырылат.


Судьялар кеңешинин төрагасы же Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүк санынын демилгеси боюнча Чакыруу жөнүндө чечим кабыл алынат.



  1. Судьялар кеңешинин ишине Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун (мындан ары — Конституциялык сот) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (мындан ары — Жогорку сот) төрагасы, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин (мындан ары — Сот департаменти) директору жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин (мындан ары — Сот адилеттигинин Жогорку мектеби) директору катыша алат.


Судьялар кеңешинин төрагасынын чакыруусу боюнча Судьялар кеңешинин ишине башка жактар да катышууга мүмкүн.



  1. Судьялар кеңешинин иши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилинде жүргүзүлөт.


 


3-глава. Судьялар кеңешинин биринчи отуруму.


Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо тартиби


 



  1. Судьялар кеңешинин жаңы курамынын биринчи отуруму алар шайланган күндөн тартып он күндүн ичинде өткөрүлүүгө тийиш.

  2. Судьялар кеңешинин биринчи отуруму Судьялар кеңешинин жашы боюнча улуу мүчөсүнүн төрагалыгында өткөрүлөт.

  3. Сот департаменти Судьялар кеңешинин жашы улуу мүчөсүн аныктайт, Судьялар кеңешинин биринчи отурумун өткөрүү ордун жана убактысын дайындайт, аны уюштуруу боюнча чараларды кабыл алат.

  4. Судьялар кеңеши биринчи отурумунда ачык добуш берүү менен Судьялар кеңешинин төрагасын жана анын орун басарын үч жылдык мөөнөткө шайлайт.

  5. Көпчүлүк добуш алган Судьялар кеңешинин мүчөсү Судьялар кеңешинин шайланган төрагасы болуп саналат. Төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнча Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бири добуштарды эсептөөнү жүргүзөт.


Добуш берүүнүн жыйынтыгын бекитүү жөнүндө протоколго Судьялар кеңешинин жашы улуу мүчөсү кол тамгасын коет.



  1. Ушул эле эрежелер боюнча Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары шайланат.


 


4-глава. Судьялар кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктары.


Судьялар кеңешинин жумушчу органдары


 



  1. Судьялар кеңешинин төрагасы:


— Судьялар кеңешинин Регламентине ылайык Судьялар кеңешин чакырат жана анын ишин жетектейт;


— Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын аныктайт;


— Судьялар кеңеши тарабынан кабыл алынган чечимдерге кол тамгасын коет;


— Судьялар кеңешинин атынан мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, коомдук бирикмелерде, жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле эл аралык кызматташтыкты ишке ашырууда чыгат;


— Судьялар кеңешине түшкөн даттанууларды жана башка материалдарды кароону уюштурат, аларды Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнө бөлүштүрөт жана аларга Судьялар кеңешинин отурумдарына материалдарды даярдоону тапшырат;


— туруктуу комиссиялардын ишин координациялайт;


— Судьялар кеңешинин чечимдерин жүзөгө ашырууга чараларды кабыл алат;


— Судьялар кеңешинин иши жөнүндө Судьялардын курултайында отчет берет;


— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Судьялар кеңешинин төрагасы жок учурда, анын ыйгарым укуктарын төраганын орун басары аткарат, ал эми төраганын орун басары жок учурда, Судьялар кеңешинин чечими менен төраганын милдетин убактылуу аткаруу Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн бирине жүктөлөт.

  2. Судьялар кеңешинин төрагасынын же анын орун басарынын ыйгарым укуктары төмөндөгү учурларда токтотулат:


— шайланган мөөнөт аяктаганда;


— Судьялар кеңешинин мүчөлүгү токтотулганда;


— судьялык ыйгарым укуктары токтотулганда;


— мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарынан баш тартуу тууралуу өз каалоосу боюнча жазуу жүзүндө арыз бергенде.



  1. Судьялар кеңешинин жаңы төрагасын жана анын орун басарын шайлоо жалпы эрежелер боюнча жүзгө ашырылат.

  2. Судьялар кеңешинин мүчөсү Судьялар кеңешинин төрагасынын же анын орун басарынын кызмат орунуна катары менен экиден ашык мөөнөткө шайлана албайт.

  3. Судьялар кеңеши Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн ичинен, алардын ишинин негизги багыттары боюнча комиссияларды — туруктуу иштеген жумушчу органдарды түзөт:


— судьялардын тартиптик жоопкерчилигинин маселелерин кароо боюнча материалдарды даярдоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүчү, судьяны жазык жана тартиптик тартипте жүктөлүүчү башка жоопкерчиликке тартууга макулдук берүүчү 9 судьядан турган тартиптик комиссия;


— башка комиссиялар (мындан ары — комиссиялар).


Комиссиялар Судьялар кеңешине отчет берет.



  1. Комиссиялар Судьялар кеңешинин төрагасы жана төрагасынын орун басары шайлангандан кийин дароо Судьялар кеңешинин биринчи отурумунда түзүлөт.


Судьялар кеңешинин төрагасы комиссиялардын курамына кирбейт.



  1. Комиссиялар Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн каалоолорун эске алуу менен түзүлөт. Комиссиялардын акыркы курамы Судьялар кеңешинин чечими менен бекитилет.

  2. Комиссиянын төрагасы комиссиянын мүчөлөрү тарабынан 3 жылдык мөөнөткө шайланат жана кайра шайланышы мүмкүн. Комиссиянын төрагасын шайлоо жол-жобосу тиешелүү комиссиянын жобосу менен аныкталат.

  3. Судьялар кеңешинин мүчөлөрү Судьялар кеңешинин төрагасынын тапшырмасы боюнча ар кандай профилдеги комиссиялардын ишине катыша алышат.


Судьялар кеңешинин төрагасы зарыл болгон учурларда комиссиянын ишине Судьялар кеңешинин мүчөсү болбогон судьяларды, жана дагы башка ведомстволордун жетекчилеринин макулдашуусу менен алардын адистерин тартууга укуктуу.



  1. Судьялар кеңеши комиссиялардын курамынын санын аныктайт, аларга иштин багытын жана милдеттерди бөлүштүрөт, ошондой эле комиссия жөнүндө жобону бекитет.

  2. Судьялар кеңеши анын отурумунда каралуучу маселелерди даярдоо үчүн башка ведомстволордун адистерин, Судьялар кеңешинин мүчөлөрү болбогон судьяларды тартуу менен, жумушчу топторду түзүүгө укуктуу.


 


 


5-глава. Судьялар кеңеши менен комиссиялар таабынан маселелерди талкуулоо жана чечимдерди кабыл алуу тартиби


 



  1. Судьялар кеңешинин отуруму Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөрүлөт. Судьялар кеңешинин мүчөсү анын отурумунда катышууга милдеттүү. Судьялар кеңешинин отурумуна катышпай коюуга, жүйөлүү себептердин негизинде гана жол берилет.


Судьялар кеңешинин отурумдары видеоконференцбайланыш аркылуу өткөрүлүшү мүмкүн.



  1. Ар бир айкын учурда, талкуулануучу маселелердин мүнөзүнө жана көлөмүнө жараша, Судьялар кеңеши тарабынан анын отурумунун узактыгы аныкталат.


Судьялар кеңеши анын отурумуна дайындалган маселелерди алдын-ала кароо  боюнча отурумдарды өткөрүшү мүмкүн.



  1. Судьялар кеңешини анын курамынын кеминде үчтөн экиси жыйналышка катышса укук ченемдүү болуп эсептелет жана чечим кабыл алууга укуктуу. Эгерде отурумда катышкан мүчөлөрдүн жарымынан көбү чечимге добуш берсе, ал кабыл алынды деп эсептелинет.

  2. Кечиктирилгис мүнөздөгү айрым маселелер боюнча, белгиленген шартсанды (кворум) сактоо менен, чечим Судьялар кеңешинин мүчөлөрүн сурамжылоо ыкмасы менен кабыл алынышы мүмкүн. Бул учурларда, сурамжылоо баракчалары Судьялар кеңешине электрондук же факсимилдик байланыш аркылуу жиберилет жана Судьялар кеңешинин чечимине тиркелет.


Бул пункттун эрежелери Регламенттин 6-10-главаларына колдонулбайт.



  1. Судьялар кеңешинин отурумуна киргизилген маселелер боюнча документтердин долбоорлору, Судьялар кеңешине ушул Регламентке ылайык берилет.

  2. Төрага же анын орун басары Судьялар кеңешинин отурумунда төрагалык кылуучу болуп саналат.


Судьялар кеңешинин отурумундагы төрагалык кылуучу:


— ушул Регламентке ылайык отурумдун ишине жетекчилик кылат;


— баяндама жасоого жана чыгып сүйлөөгө сөз берет;


— чечимдердин долбоорлору боюнча жазуу түрүндөгү суроо-талаптарды, сунуштарды жана оңдоолорду жарыялайт; Судьялар кеңешинин отурумунун чечимин талап кылуучу маселелер боюнча добуш берүүнү жүргүзөт, анын жыйынтыктарын жарыялайт;


— Судьялар кеңешинин отурумунун ишин камсыздоо менен байланышкан тапшырмаларды берет;


— отурумдун протоколун жүргүзүүнү уюштурат;


— ушул Регламентте каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.



  1. Судьялар кеңешинин отуруму шартсанды (кворум) аныктоо менен, күн тартибин бекитүүдөн башталат.

  2. Судьялар кеңешинин мүчөсү күн тартиби боюнча сунуш киргизүүгө укуктуу. Акыркы күн тартиби Судьялар кеңешинин отурумунда бекитилет.

  3. Күн тартибине киргизилген ар бир маселе боюнча Судьялар кеңешинин мүчөсү чыгып сүйлөөгө укуктуу. Бир эле маселе боюнча отурумдун бардык катышуучулары чыгып сүйлөгөндөн кийин, кошумча чыгып сүйлөөгө жол берилет.

  4. Судьялар кеңеши чечимдерди кеңешме бөлмөсүндө ачык добуш берүү жолу менен кабыл алат. Төрагалык кылуучу добуштарды санап, жыйынтыгын жарыялайт, ал отурумдун протоколуна киргизилет.


Төрагалык кылуучу кеңешме бөлмөсүнөн чыккандан кийин Судьялар кеңешинин чечимин жарыялайт.



  1. Судьялар кеңешинин бардык мүчөлөрү добуш берүү позициясына карабастан, Судьялар кеңешинин чечимине кол тамгаларын коюшат.


42.Татаал эмес маселелерди кароодо, чечимдерди кеңешүү бөлмөсүнө бөлүнбөстөн кабыл алынат.



  1. Кеңештин мүчөлөрүнүн жеке катышуусу мүмкүн болбогон өзгөчө учурларда, добуш берүү сурамжылоо жолу менен өткөрүлүшү мүмкүн. Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн пикири сурамжылоо баракчасы менен жол-жоболоштурулуп, ал катчылыкка электрондук почта же факс аркылуу жөнөтүлөт.


Бул учурда төрагалык кылуучу катышкан мүчөлөрдүн добуштарын жана түшкөн сурамжылоо баракчаларын эсептейт. Судьялар кеңешинин чечимине катышкан мүчөлөрдүн кол тамгалары коюлат, ал эми сурамжылоо баракчалары чечимге тиркелет, бул тууралуу чечимде Судьялар кеңешинин мүчөсүнүн тиешелүү фамилиясынын тушунда белгиленет.



  1. Судьялар Кеңешинин катчылыгынын кызматкерлеринин ичинен Төрагалык кылуучу отурумдун катчысын дайындайт. Катчы:


—  Судьялар Кеңешинин отурумунун протоколун жазат,


— отурумдун материалдарын жол-жоболоштурат,


— Төрагалык кылуучунун отурумду уюштуруу жана жүргүзүү боюнча көрсөтмөлөрүн аткарат.



  1. Судьялар Кеңешинин отурумунун протоколун дайындалган катчы түзөт.


Протоколдо төмөндөгүлөр көрсөтүлөт:



  • отурумдун датасы, орду;

  • Судьялар Кеңешинин отурумга катышкан мүчөлөрү жана башка жактар жөнүндө маалыматтар; эгерде отурум видеоконференцбайланышты колдонуу менен өткөрүлүп жатса, отурумдун протоколунда видеоконференцбайланыш аркылуу Судьялар Кеңешинин отурумуна катышкан Судьялар Кеңешинин мүчөлөрүн көрсөтүү менен тиешелүү жазуу жазылат.

  • күн тартибинин маселелери жана аларды кароонун жыйынтыктары.


Судьялар Кеңешинин мүчөсүнүн өтүнүчү, анын берген добушу боюнча жыйынтык протоколго көрсөтүлүшү мүмкүн.


Протоколго Төрагалык кылуучу менен катчы кол тамгаларын коюшат.



  1. Судьялар кеңешинин чечимдери бүткүл сот коомчулугу үчүн, ошондой эле Сот департаментинин жана Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин компетенциясына кирген маселелер боюнча, алар үчүн да милдеттүү болуп саналат.


Чечим тиешелүү жактарга жана мекемелерге, анын көчүрмөлөрү жиберилет.



  1. Судьялар кеңешинин комиссиясынын отуруму комиссия жөнүндө Жободо аныкталган тартипте, зарыл учурларда өткөрүлөт.


Комиссиянын корутундусун Судьялар кеңешинин отурумуна комиссиянын төрагасы же анын тапшырмасы боюнча комиссиянын башка мүчөсү көрсөтөт.


 


6-глава. Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагаларынын кызматтык орунуна талапкерлерди көрсөтүү тартиби


 



  1. Судьялар Кеңеши Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагаларынын мөөнөтү аяктаган күнгө чейин же тиешелүү кызмат орун бошогон күндөн тартып беш иш күнүнөн кечиктирилбестен, төрагалардын кызматтык орунуна талапкерлерди көрсөтүү үчүн отурумду чакырат.

  2. Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагаларынын кызматтык орунуна талапкерлерди тиешелүү соттун судьяларынын ичинен Судьялар Кеңешинин мүчөлөрү сунуштайт.


Ошону менен бирге, Судьялар Кеңешинин мүчөсү көрсөтүлгөн талапкерди тааныштырат, анын өздүк ишинин материалдарын, (өмүр баянын, бардык иш убактысы боюнча кызматтык ишмердигин), талапкердин тиешелүү соттун төрагасынын кызматтык милдетин аткаруу боюнча жөндөмдүүлүгүн баалай турган мүнөздөмөлөрүн жарыялайт.


Судьялар Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан талапкерлерди сунуштагандан кийин, талапкерлер чыгып сүйлөшөт.


Талапкерлер өз алдынча баш тартууга укуктуу.



  1. Конституциялык соттун, Жогорку соттун төрагаларынын кызматтык орунуна талапкерлер ачык добуш берүү менен көрсөтүлөт.


Судьялар Кеңешинин мүчөлөрү добуш берүүдөн баш тарта албайт.


Судьялар Кеңешинин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинен аз эмес добуш алган талапкер, тиешелүү кызмат орунуна көрсөтүлдү деп эсептелинет.



  1. Төрагалык кызматтык орунга тандалган талапкерди дайындоо жөнүндө Судьялар Кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын Президентине жиберилет.


 


7-глава. Сот департаментинин директорун, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директорун кызматка дайындоо жана кызматынан бошотууга макулдук берүү тартиби


 



  1. Жогорку Соттун Төрагасы Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директорунун кызмат орунуна талапкерди дайындоо жөнүндө сунушту Судьялар кеңешине киргизет.

  2. Көрсөтүлгөн сунуштама талапкерди мүнөздөгөн маалыматтарды камтууга тийиш. Судьялар кеңеши маселени чечүү үчүн зарыл болгон кошумча материалдарды суроо-талап кылууга укуктуу.

  3. Судьялар кеңешинин отурумунда талапкерге чыгып сүйлөөгө жана Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн суроолоруна жооп берүүгө мүмкүнчүлүк берилет.


Талапкердин чыгып сүйлөгөнүнөн кийин, анын талапкерлигин талкуулоо жүргүзүлөт, андан кийин макулдашуу жөнүндө маселе добушка коюлат.



  1. Эгерде отурумда катышкан Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү добуш берсе, директордун кызмат орунуна талапкер макулдашылды деп саналат.

  2. Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директорун ээлеген кызмат орунунан бошотууну макулдашуу ушул главанын эрежелери боюнча жүргүзүлөт.


 


8-глава.   Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги боюнча кеңешке судьяларды шайлоо тартиби


 



  1. Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешин (мындан ары — Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеш) түзүү үчүн талапкерлер Конституциялык соттун, Жогорку соттун, райондук соттордун сунуштарын эске алуу менен областтык соттордун жана Бишкек шаардык сотунун судьяларынын жыйналыштары тарабынан ошол соттордун судьяларынын ичинен сунушталат.

  2. Судьялардын жыйналышынын чечимдери Судьялар кеңешине жөнөтүлөт.


Чечимге талапкердин «Сот адилеттиги  иштери боюнча кеңеш жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинде белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн тастыктаган документтер тиркелет:


— Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту;


— 5 жылдан кем эмес соттук иш стажы жөнүндө маалымкат;


— кылмыш жасоого шектенүү же айыптоо боюнча материалдардын жоктугу жөнүндө маалымат;


— иштеген жеринен мүнөздөмө;


— акыркы 3 жылдагы сот адилеттигин жүзөгө ашыруунун сапаты жөнүндө маалымат;


— тартиптик жазалар бар/жок тууралуу маалымат;


— башка көңүлгө алуучу документтер.



  1. Конституциялык соттун, Жогорку соттун, жергиликтүү соттордун төрагалары жана алардын орун басарлары, ошондой эле Судьялар кеңешинин курамына кирген судьялар Сот адилеттиги боюнча кеңештин курамына көрсөтүлө алышпайт.

  2. Судьялар кеңешинин төрагасы Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнө сунушталган материалдарды алдын-ала изилдөөнү тапшырат. Судьялар кеңеши талапкер боюнча кошумча маалыматтарды суроо-талап кылууга укуктуу.


Алдын-ала изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча маалымкат түзүлөт.



  1. Бардык келип түшкөн материалдар Судьялар кеңешинин отурумуна чыгарылат. Талапкерлер боло турган отурум жөнүндө алдын-ала кабарланат.

  2. Талапкер отурумга чейин өзүнүн талапкерлигин алып салууга укуктуу.

  3. Судьялар кеңеши отурумда кезектүү тартипте ар бир талапкер боюнча маалымкатты жана берилген материалдарды карайт, материалдарды алдын-ала текшерүү жүргүзгөн Судьялар кеңешинин мүчөсүнө суроолорду берет жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин мүчөлүгүнө талапкерди угат.

  4. Бардык талапкерлерге карата материалдарды карап, аяктагандан кийин, Судьялар кеңеши чечим кабыл алуу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө бөлүнөт.


Кеңешме бөлмөсүндө Судьялар кеңеши 8 судьяны Сот адилеттиги иштери боюнча кеңештин курамына шайлап, бул жөнүндө  чечим чыгарат.



  1. Судьялар кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилет.


 


9-глава.  Бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына көзөмөл  


жүргүзүү тартиби


 



  1. Конституциялык сот, Жогорку сот, Сот департаменти, Сот адилеттигинин Жогорку мектеби Судьялар кеңешине кезектеги бюджеттик жылга жана пландаштыруу мезгилине тиешелүү бюджеттердин долбоорлорун киргизет.


Сот департаменти Судьялар кеңешине жергиликтүү соттордун төрагаларынын жүйөөлүү сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн жергиликтүү соттордун  бюджетинин долбоорун киргизет.



  1. Судьялар кеңеши аталган долбоорлорду карап, кезектеги финансылык жылдын башталышына чейин 8 ай калгандан кечиктирилбестен, сот тутумунун бюджетинин долбоорун Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (мындан ары – Министрлер Кабинети) жиберүүгө мүмкүнчүлүк берген,  Судьялар кеңешине аталган долбоорлорду киргизүү үчүн мөөнөттөрдү аныктайт.

  2. Конституциялык соттун, Жогорку соттун, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин бюджеттеринин долбоорлору Судьялар кеңешинин төрагасынын тапшырмасы боюнча Судьялар кеңешинин комиссиясы тарабынан алдын-ала изилденет.

  3. Комиссия жана/же Судьялар кеңеши өзүнүн отурумуна Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын же алар ыйгарым укук берген адамдарды, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директорлорун жана алардын адистерин угууга чакырууга укуктуу.


Комиссия жана/же Судьялар кеңеши бюджетти түзүү боюнча жогорку жана жергиликтүу соттордун сунуштарын жана сын-пикирлерин карашат.



  1. Сунушталган бюджеттик долбоорлорду кароо жыйынтыгы боюнча Судьялар кеңеши өзүнүн сунуштарынын долбоорлорун киргизүү, Министрлер Кабинетине макулдашуу үчүн сот тутумунун бюджетинин долбоорун жиберүү жөнүндө чечим кабыл алат.

  2. Судьялар кеңешинин Төрагасы сот тутумунун бюджети боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде республикалык бюджеттин долбоорун талкуулаган учурда түздөн-түз катышат.

  3. Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директорлору жыл сайын Судьялар кеңешинин алдында бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчет берет.

  4. Судьялар кеңеши же комиссия сот тутумун өз убагында каржылоого көмөк көрсөтүү максатында тиешелүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө маалыматтарды, Конституциялык соттон, Жогорку соттон, Сот департаментинен, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинен үч айда бир жолу суратып алууга укуктуу.


 


10-глава. Квалификацияны жогорулатууну уюштуруу тартиби жана окутуу процессинин сапатын контролдоо


 



  1. Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору жаңы жылга чейин 2 айдан кечиктирбестен, жергиликтүү соттордун судьяларын, соттордун аппараттарынын, Сот департаментинин кызматкерлерин окутуу жана квалификацияларын жогорулатуу боюнча келе жаткан жылга программаларды Судьялар кеңешинин кароосуна киргизет.

  2. Окуу программалары жана судьяларды, соттордун аппараттарынын, Сот департаментинин, Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин кызматкерлерин окутуунун жана квалификацияларын жогорулатуунун башка маселелери комиссия тарабынан алдын-ала каралат.

  3. Комиссия берилген окуу программаларын, бул үчүн белгиленген мөөнөттө, кемчиликтерди жоюу үчүн Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директоруна кайтарып берүүгө укуктуу.

  4. Комиссиянын корутундусу жана окуу программалар Судьялар кеңешине талкууланганга киргизилет.


Сын-пикирлери жок болгон учурда же Судьялар кеңешинде талкуулоону талап кылган сын-пикирлер болсо, комиссия корутунду түзөт жана аны окуу пландары менен бирге Судьялар кеңешинин кароосуна киргизет.



  1. Судьялар кеңеши берилген окуу программалары боюнча сунуштарды берүүгө, аларды кайра иштеп чыгууга жөнөтүүгө укуктуу.


Эскертүүлөр  жок учурда, Судьялар кеңеши окуу программаларын макулдашуу  жөнүндө чечим чыгарат, алар кийин Жогорку соттун төрагасына бекитүүгө  жиберилет.



  1. Сот адилеттигинин Жогорку мектебинин директору Судьялар кеңеши белгилеген мөөнөттө, Судьялар кеңешине өзүнүн иши жөнүндө жылдык отчет жиберет. Комиссия отчетту алдын-ала изилдейт, зарыл учурда, отчет боюнча кошумча маалыматтарды сурайт, корутундуну жана сунуштарды түзөт.

  2. Комиссиянын отчету жана корутундусу сунуштары менен Судьялар кеңешинин отурумунда талкуулоо үчүн киргизилет, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чечим кабыл алынат.


 


 


11-глава. Корутунду жоболор


 



  1. Кыргыз Республикасынын Судьялар Кеңешинин Регламенти курултайга катышкан судьялардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.

  2. Судьялар Кеңешинин жана анын жумушчу органдарынын уюштуруу, материалдык-техникалык, талдоо жана маалыматтык камсыздоо иштерин Соттук департаменти жүргүзөт.

  3. Ушул Регламентке өзгөртүүлөр жана кошумчалар судьялардын курултайы тарабынан киргизилет.


Курултайлар аралыгында Судьялар Кеңеши ушул Регламентке өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизиши мүмкүн:



  • мыйзамдарга кабыл алынган өзгөрүүлөргө жана кошумчаларга ылайык келтирүү үчүн;

  • комиссияларды уюштуруу маселелери боюнча;

  • Судьялар Кеңешинин ички уюштуруу иштеринин маселелери боюнча;

  • кетирилген каталарды оңдоо үчүн.


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...