KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова Дүйнөлүк банктын глобалдык форумуна катышууда

26 июня 2024

2024-жылдын 25-26-июнунда Бишкек шаардык сотунун судьясы, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова Дүйнөлүк банктын Вашингтон шаарындагы (АКШ) штаб-квартирасында өтүп жаткан «Сот адилеттиги жана укук үстөмдүгү: Инклюзивдик жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоо» аталыштагы глобалдык форумуна катышууда.




Дүйнөлүк банктын мамлекеттик башкаруу боюнча глобалдык практикасы тарабынан уюштурулган иш чарага Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун судьясы Чинара Айдарбекова, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Урмат Кожомбердиев жана ошондой эле сот адилеттиги жана укуктун үстөмдүгү чөйрөсүндө өнүктүрүү маселелери менен алектенген мамлекеттик жана сот органдарынын, жеке сектордун, илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, фонддордун жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 200дөн ашык өнөктөштөр, жетекчилер жана практик-адистер катышууда.




Форумдун максаты болуп өнүгүүнүн негизги фактору катары сот адилеттигинин жана укук үстөмдүгүнүн ролун жогорулатуу жана сот адилеттигин реформалоо боюнча мамааттык аракеттерди активдештирүү максатында кызыкдар тараптардын кеңири экосистемасынын чегинде диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүү саналат.


Форумдун катышуучуларынын баяндамаларынын жүрүшүндө төмөнкү бир катар маанилүү маселелер козголуп, талкууланды:




  • Бардык инсандардын сот адилеттигине жетүүсү: сот адилеттигиндеги глобалдык ажырымды жоюу;

  • Инклюзивдик жана туруктуу өнүгүү үчүн сот адилеттиги жана мыйзамдын үстөмдүгү: аймактык перспективалар;

  • Сот тутумунда жасалма интеллектти колдонууну өнүктүрүү: перспективалар жана коркунучтар;

  • Адамдардын кызыкчылыктарына жетишүү: сот адилеттигинин ролу;

  • Адилеттүүлүк экономикалык өнүгүүнүн маанилүү тиреги;

  • Сот адилеттигин ишке ашырууга көмөктөшүүдө технологиялардын жана инновациялардын ролу;

  • Туруксуз жана чыр-чатактуу шарттардагы сот адилеттиги жана мыйзамдын үстөмдүгү;

  • Сот адилеттигине жетүүдө гендердик ажырымды жоюу;

  • Бизнес жана адам укуктары;

  • Сот адилеттигин санариптештирүү: тобокелдиктер жана мүмкүнчүлүктөр;

  • Иштин масштабын кеңейтүү жана системалуу өзгөрүүлөр: сот адилеттигин реформалоо үчүн коалицияларды түзүү;

  • Кризис учурундагы планета үчүн адилеттүүлүк;

  • Сот адилеттигинин натыйжалуу тутуму аркылуу коррупцияга каршы күрөшүү;

  • Адамдардын кызыкчылыктарына багытталган сот адилеттигин каржылоону трансформациялоо;

  • Инклюзивдик институттар: элге багытталган адилеттүүлүккө жол ачуу;

  • Отчеттуулукка жана жарандык ишенимге өбөлгө түзгөн сот адилеттиги тутумуна карай бет алуу;

  • Кызматташууга көмөктөшүү: сот адилеттиги жана мыйзам үстөмдүгү жаатындагы глобалдык өнөктөштүк.



Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...