KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши ардагер судья Темирбаева Тамара Токтосуновнаны 70 жаш кутман курагы менен куттуктады

03 июня 2024

2024-жылдын 1-июнунда сот тутумунун ардагери, Ош облустук сотунун төрагасынын мурдагы орун басары Темирбаева Тамара Токтосуновна 70 жылдык мааракесин белгиледи.


Юбилей күнү Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасынын орун басары Рахат Каримова Тамара Темирбаеваны Судьялар кеңешинин жана жеке өзүнүн атынан 70-жаш кутман курагы менен куттуктап, «Кыргыз Республикасынын сот тутумуна сиңирген эмгеги үчүн» Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин медалы менен сыйлады.


Ошондой эле ага сот тутумун өнүктүрүүгө кошкон баа жеткис салымы, билими, тажрыйбасы жана акылман кеңештери үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, узун өмүр, руханий гармонияны жана үй-бүлөлүк бакубатчылык кааларын билдирди.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...