KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши сот системасын санариптештирүү боюнча маалыматты укту

22 июля 2024

2024-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин жана сот тутумун санариптештирүү пункттары боюнча ММП-3 (Мамлекеттик максаттуу программасынын) иш-чараларын аткаруу боюнча жумушчу топтун маалыматын укту.


АИС-2.0 боюнча жумушчу топтун жетекчиси, Нарын облустук сотунун төрагасынын орун басары Бекмухаммет Мусурманкулов, Сот департаментине караштуу «Адилет сот» маалыматтык технологиялар мекемесининин директору Рустам Шабыев сот адилеттиги системасында санариптик технологияларды колдонууну кеңейтүү жана башка маселелер боюнча ММП-3 программасынын алкагында презентация менен өткөрүштү.


Презентацияга Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Алисбек Ибраимов жана башка кызматкерлер катышышты.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...