2024-жылдын 01-мартында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан Талас облустук сотунун судьялары Акбаров Шакирали Айтбаевичтин жана Ботоев Ильяс Кулубаевичтин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2024-жылдын 1-мартында аяктагандыгына байланыштуу судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине сунуштар киргизилди.
Ошондой эле Баткен облусунун Кадамжай райондук сотунун судьясы Асылбашев Данияр Куванычбековичтин ээлеген судьялык кызмат ордунан өз каалоосу менен бошотуу жана судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө арызы канааттандырылды. Судьянын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлдү.