2023-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жыйынында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын сунуштамалары каралды.
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин чечими менен Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы З.К. Базарбековдун Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору Сатыев Медербек Асанбековичти ээлеген кызматынан өз каалоосу боюнча бошотууга макулдук берүү жөнүндө сунушу канааттандырылды.
Судьялар кеңешинин кийинки чечими менен Кожомбердиев Урмат Мелисовичти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы З.К. Базарбековдун сунушу канааттандырылды.