Бүгүн, 2024-жылдын 12-январында Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезексиз жыйыны болуп өттү.
Күн тартибинде Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасы З. К. Базарбековдун Базаралиева Анархан Мамбетовнаны Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору кызматына дайындоого макулдук берүү жөнүндө сунушу каралып, канааттандырылды;