KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши 2020-жылга карата сот тутумунун бюджетинин аткарылышы жана сот тутумунун органдарынын ишмердүүлүүгү боюнча отчетун укту

26 марта 2021

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши бүгүн  2021-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын, Сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Сот департаментинин 2020-жылга карата бюджеттин аткарылышы жана сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Сот департаментинин өткөн жылдагы ишмердүүлүгү  тууралуу отчетторун укту.


Бюджеттин аткарылышы боюнча өз отчетторун тапшыруу үчүн отурумга Сот тутумунун органдарынын төмөнку  өкүлдөрү катышты:


КР Жогорку сотунун финансы-чарбалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу — Омуралиев Б. К, Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын финансы бөлүмүнүн башчысы — Бокоев, А. М., Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектебинин директору – Байтикова Э. Т. жана финансы бөлүмүнүн башчысы — Назарова Г. С., Сот департаментинин директору — Кожомбердиев У. М.,  Сот департаментинин ресурстар башкармалыгынын башчысынын м. а. Усоналиев У. К. жана ресурстар башкармалыгынын материалдык — техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы-Осмонбекова А. Ж.


Судьялар кеңешинин бүгүнкү отурумуна чейин Кеңештин бюджеттик жана окуу-эксперттик комиссиясы сот тутумунун органдарынын отчетторун карап чыгып, алар боюнча өздөрүнүн корутундуларын беришкен. Талкуунун жыйынтыктары боюнча Судьялар кеңеши кеңештин  Сот тутумунун 2020-жылга карата бюджетинин аткарылышы жөнүндөгү маалыматын жана сот органдарынын ишмердүүлүгү жөнүндөгү отчетун эске алуу менен чечим кабыл алды.


Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин күн тартибине ылайык, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына квалификациялык класстарды берүү жана Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларына турак жайын ижаралоо боюнча чыгымдарын компенсациялоо жөнүндө маселелери каралды.



Маалымат үчүн:


2020-жылга карата бюджеттин аткарылышы боюнча сот адилеттигинин жогорку мектебинин Директору жана Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын каржы бөлүмүнүн башчысы 2020-жылдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу (COVID-19) судьялардын иш сапарына жана сотторду көчүрүү менен байланышкан башка чыгымдарга каражаттар жумшалбаганын билдиришти. Ошондуктан сот адилеттигинин жогорку мектебинин жана Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын бюджетинин өздөштүрүлбөгөн каражаттары кайтарылып берилген.


Бюджеттин секвестирлөөг байланыштуу (жай мезгилинде) чыгымдары минималдуу болгонуна жана бюджеттин пайыздык катышы менен пайдаланылышы өткөн жылдарга салыштырмалуу бир топ төмөн болгонуна карабастан, 2020-2021-жылдарга карата мамлекеттик максаттуу программанын алкагында  эмгек акыны жана үстөктөрдү көбөйтүү пландаштырылганы тууралуу Сот департаментинин дирекору жана  анын ресурстар башкармалыгынын ыйгарым укуктуу кызматкерлери билдиришти.


Ошентип, 2020-жылы сот тутумунун органдары тарабынан секвестрирленген бюджеттин алкагында белгиленген сарптоолор ченемдери ашыкча болгон эмес.


 


 


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...