KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши сот тутумунун ардагери Бейшебай Уметов дүйнө салгандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына көңүл айтат

09 апреля 2024

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши сот тутумунун ардагери Уметов Бейшебай Уметович дүйнө салгандыгына байланыштуу туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.


2024-жылдын 8-апрелинде узакка созулган оорудан соң Кыргыз Республикасынын сот тутумунун ардагери Уметов Бейшебай Уметович дүйнө салды.


Бейшебай Уметович 1938-жылы 5-майда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ичке-Жергез айылында туулган. Орто мектепти 1956-жылы аяктап,  Кыргыз Мамлекеттик Университетинин юридика факультетине тапшырып, аны 1962-жылы аяктаган.  Ошол жылы Ак-Талаа райондук прокуратурасында, кийин Алай районуна которулуп, прокуратурада тергөөчү болуп иштеген.


1968-жылдан 1981-жылга чейин Ош, Ысык-Көл облустук прокуратурасында прокурордун жардамчысы кызматын аркалаган.


1981-жылы Ысык-Көл облустук сотунун төрагасынын орун басарлыгына шайланган.


Ал эми 1983-1985-жылдары облустук юстиция бөлүмүнүн башчысы, 1985-жылын кайрадан облустук соттун төрагасынын орун басары болгон.


1990-жылдан 1999-жылга чейин  Каракол шаардык сотунун төрагасы кызматында эмгек өтөгөн.


1999-жылы Ак-Суу райондук сотунун төрагасы болуп дайындалып, 2003-жылы ардактуу эс алууга чыккан.


Орду толгус оор жоготуунун азабы менен кайгы-муңун тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...