KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Ош облусунун Ош шаардык сотунун эки судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечим чыгарды

05 февраля 2024

2024-жылдын 02-февралында Судьялар кеңешинин отурумунда Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Малдыбаев Нурлан Малдыбаевичтин өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын токтотуу жана ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө арызы каралды. Судьялар кеңеши судьянын арызын канааттандырып, Кыргыз Республикасынын Президентине анын судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш киргизди.


Ошондой эле Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясы Султаналиев Нурлан Турусбековичтин өз каалоосу менен судьялык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана ээлеген судьялык кызмат ордунан отставкага кетүү тууралуу арызы канааттандырылды. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлдү.


Белгилей кетсек, «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 30-беренесинин 1,2-бөлүктөрүнө ылайык судьянын кызмат ордунан кетиши судьянын отставкасы деп таанылат. Ар бир судья жаш курагына карабастан өз каалоосу боюнча отставкага кетүүгө укуктуу.


Ар кандай маселелердин ичинен «2023-2026-жылдарга сот адилеттиги системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планынын 1.4 жана 1.5-пункттарын аткаруу боюнча маселелер каралды, тагыраагы, судьялардын тартип комиссиясынын чечимдерине карата Судьялар кеңешине даттануу мүмкүнчүлүгү, Судьялар кеңешинин мүчөлөрүнүн санын көбөйтүү боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин жана Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин катчылыгын түзүү тууралуу маселелер каралды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...