KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Бишкек шаардык сотунун эки судьясынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө чечимдерди чыгарды

01 декабря 2023

2023-жылдын 30-ноябрында Судьялар Кеңешинин чечими менен Бишкек шаардык сотунун судьясы Карабеков Алмаз Маматбековичтин судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөтү 2023-жылдын 30-ноябрынан тартып аяктагандыгына байланыштуу анын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш Кыргыз Республикасынын Президентине киргизилди.


Андан соң Судьялар кеңеши жаш курагынын чегине жеткендигине байланыштуу Бишкек шаардык сотунун судьясы Рыбалкина Антонина Дмитриевнанын ыйгарым укуктарын 2023-жылдын 14-декабрынан тартып токтотуу жөнүндө чечим чыгарды. Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлмөкчү.


Ошондой эле А.Д. Рыбалкинаны көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин «Кыргыз Республикасынын сот тутумуна сиңирген эмгеги үчүн» медалы менен сыйлоо жөнүндө чечим кабыл алынды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...