KG
Көрүүсү начар адамдар үчүн
Телефон: +996 (312) 313 - 023 ул. Табышалиева 15

Судьялар кеңеши Тартип комиссиясынын корутундуларын карап чыгып, чечим кабыл алды

24 июня 2022

Бүгүн, 2022-жылдын 24-июнунда Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өтүп, анда күн тартибиндеги бир катар маселелер боюнча чечимдер кабыл алынды.


Тартип комиссиясы тарабынан Судьялар Кеңешинин кароосуна 5 судьяга карата 11 материал киргизилген.


Баяндамаларды угуп, Тартип комиссиясынын корутундуларын талкуулап, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши тарабынан чечим кабыл алынды:



  1. Кыргыз Республикасынын башкы прокурорунун милдетин аткаруучу А. Молдокматовдун Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо райондук сотунун судьясы Б. Ш. Турсункуловду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө сунушун канааттандырып, Кыргыз Республикасынын Президентине аны судьянын кызматынан убактылуу четтетүү жөнүндө сунуш киргизди;

  2. Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы У.А. Калыбеков, Ош облусунун Ноокат райондук сотунун судьясы Г. А. Абылкасымова тартиптик жоопкерчиликке тартылып, аларга карата эскертүү түрүндө тартиптик жаза колдонулду.


Кыргыз Республикасынын башка судьяларына карата «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 31-бер. 1-3-бөл. каралган негиздердин жоктугуна байланыштуу тартиптик жоопкерчиликке тартуудан баш тартылды.


Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагасы Джунушпаев Кыдык Карыбаевич

Урматтуу биздин сайтка кирүүчүлөр жана достор!

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин расмий сайтына кош келиңиздер!

Календарь

Идет загрузка...